ажырашуу

Апам таарынып уйдон кууп чыкты...


 

Эже чыгарып беринизчи өзүм 30 жаштамын мындан 5 жыл мурун ажырашканмын 2 балам менен. 

Анан Москвага иштегени кеткенмин балдарым апамда калган болчу үйдө өгөй атам бар, кээде кылыктары мени нерв кылат эми. Мен 2 жылдай болду турмушка чыгып Москвада төрөдүм, анан КРга келгем келсем балдарым аябай сумсайыптыр. Адаттагыдай өгөй атам кээде ичет, балдарымды тилдеп урушат, үйдө жаңжал тез тез болот, апам иштейт ,чарчап келет.

 Анан бир күнү дагы уруш анан мен ачуум келип балдарымды кечке урушпаңыз ,болбосо өз атасына берем деп ага тел чалып берип салдым. Апам мен менен сүйлөшпөду үйдөн кууп чыкты. Кайын журтка кеткенмин, эмне кылаарымды билбеймин апам мени кечирбеди. Балдарым атасы менен бирге намаз окуп жакшы эле жашап жатышат, ал үйлөнбөптүр. Мен кайра эми Москвага кетем, бирок апам менен мамиле кылам деп кечирим сурасам кечип салды. Мен эми эмне кылам? Бүт туугандарга мени жамандаптыр.

Отправить комментарий

Отправить комментарий

Скачать?