Саламатсыздарбы эжелер? Азыр сиздерден кенешиниздерге муктажмын,
Болушунча жакшы жооп кутом. Менин 2 жарым жыл суйлошуп жургон жигитим бар эле. Жарды уй булоодон болчу. Анын шартын тушунуп, колдодум, болушун кабыл алдым. Акча муктаж болчу озум иштеген ишке аны орноттум. Экообуз чогу иштеп журдук. Иштен кеч чыгат элек. Тун жарымы болчу, жигитим озун кармана албай мени зордуктап салды. Мен ыйладым, озуно келгенден кийин менден кечирим сурап окунгонун айтты. Мага соз берди «Сени алам, тыштабайм» -деп. Анан дагы бул окуя экообуздун ортобузда калышын айтты. Убакыт отуп кийин сурап баштады. Мен кимдир бироого айтышынан жана бул окуядан кийин мени таштап кетишинен коркуп анын суранычын жерге таштабадым.
Бир бердим, эки бердим. Мен коркчум, канча ыйладым. Кийин эле жигитим мени басынта баштады, иштешкендеримден кызганып мага ун которгон учуру да болду. Мен ыйлап гана калып калчым. Бир убакта жигитимден конулум калып кетти. Суйлогон создору, кылган мамилеси жакпай. Озум эле алыстап калдым.Ойлондум эгер мени чындап суйсо мага тийбейт болчу деп. Бир убактары курут жегим келди тун ортосу, чыйпыйым чыгып кетти ыйлагым келип, анын устуно месячный да келбей калган. Качан боюман бутуп калат деп ошентип коркуп жашадым. Озумду жеп журдум ага алданып калганым учун. Убакыттар отуп кийин нервтен ооруп калдым. Кийин апам билип калып сотко берем деп чыкты. Ыйлактап атып токтотуп калдым апамды.
Аткени озумдун атам канча кызды кордоп убалына калган эле. Корсо кайтар дуйно экен мага кайтып келиптир. Муну атам билсе кана, тушунсо кана. Мен ошентип ал баланы жашоомдон жоготтум. Апасы жалгыз бой эне болчу. Апасы кыйналмак эгер жигитим камалганда. Кудайга койдум баарын. Эми мындан аркы жашоом эмне болот? Кантип жашайм? Болочоктогу куйоом кандай тушунот? Анын бетин кантип карайм?


Отправить комментарий