ажырашуу

Курбум мн куйоом мага билгизбей ойнош экен..

 


Салам админ. Мен жашоомдо жүрөктү ооруткан бир сыр менен бөлүшкүм келди. 

Мумкун болсо аноним болсун. Жашоо өзү бир кызык экен. Мен турмушка чыкканыма көп эле жыл болду. Балдарым чоңоюп турмуш курушкан. Жолдошум экөөбүз небере багабыз . Небере деген баланан да татуу болот экен. Жакшынакай небере багып үйдөгү оокат менен алек болуп күндөрүм өтүп жатат. Куйом болсо кечке үйгө деле турбайт . Кечинде неберелерине аны муну көтөрүп келип сүйүнтүп турат. Ушундай күндөрдүн биринде көңүлгө жакпаган , көңүлдү ооруткан, жүрөктү сыздаткан аудио запись угуп калдым. Куйомдун ойношу бар экен. Ал жөн эле ойнош эмес . Болгондо да менин жакын деп эсептеп жүргөн курбум экен. Любовь морковь болуп жүрүшүптүр. Башыман ылдый муздак суу куюп жибергендей болдум. Калчылдап чыктым . 

Жүрөк лакылдап чыкты . Буга чейин шекшип жүрчүмүн. Курбум эмоциясын кантрольдогонду билбейт. Куйомду сүйөрүн билгизип койчу. Сезимин жашыра алчуу эмес , жашырганы деле аракет кылчуу эмес.Акыры өзүнө жакындатып алыптыр. Мен күйөөмө ишенчүмүн андай жолго барбайт деп ойлоптурмун. Көрсө эрине ишенгиче эки босогоно ишен деген сөз туура экен. Эркек бука сыяктуу болот экен. Кунажын көзүн сузсо бука каяка барат жибин узбогондо. Курбум менен күйөөмө ыйык эч нерсе жок экен. Ушул ситуацияга курбумду күнөөлөйм . Куйом деле күнөөлү . Бирок ал эркек эмеспи. Күйөөм курбума чындап жабышып өлүп баратса да жолобош керек эле . Кой аялын менин досум деш керек эле. Анткени кой наборот куйомдун башын айлантып азгырган ошол курбум. Мен билем баарын башынан эле байкагам . Бирок далил жок унчуга албай келгем. Анткени далили жок сүйлөп чыксам ,кызганчак истеричка болуп калмакмын.

 Кызганчак адам дайыма шылдың болуп калат эмеспи. Ошол себептен унчукпай жүрдүм көп жыл. Акыры баары ачыка чыкты. Канча жыл менин аркаман күлүп , мени бүт аарчыган тряпкадай эле көрүп буттарын аарчып жүрүштү. Менин койнумда жаткан куйом , балдарымдын атасы , менин артыман күлүп шылдың кылып жүрдү.Машинабыз бар . Мен дайыма артка отурам . Астына отургум келбейт. Бир күнү жол тосуп турган экен . Куйом токтоду ал катын астыңкы эшигин ачып көнгөн адатынча астына отуруп мени көздөрүнө илбей шарактап каткырып күлүп өздөрүнчө жыргап баратышты.Үй булонорго өтө жакын жолотпогула . Бөтөнчө куйоонорго. На расоянии держите . Или вобше ликвидируйте всех подруга. Они бывают завистливыми. И могут запросто разбить ваше гнездышко. И ни вкоем случае не расказывайте все подробности вашей интимной жизни. Этим вы подогреете интерес подруги вашему мужу. Не подпускайте подруг близко .

Отправить комментарий

1 Комментарии

  1. Анонимный6.11.22

    Күйөөңүз менен жашаңыз ал эми Апаңыз кийлигишкени туура эмес

    ОтветитьУдалить
Скачать?