Мен ушу жака келген каттарга маани берип,жооп жазчуу эмесмин.
Айрыкча,аялдары ыйлап "күйөөм кетти азгырып кетти"деген каттарга.Мен шаарыбызда жакшы жерде иштейм.Быйыл 40 жаштамын буйруса.Жанымда,жарашыктуу жубайлар чогуу иштейт.Аялына машинанын эшигин ачып,столду жылдырып берип жатса,бу жакта карап менин ичип күйөт.Мындай күйөө ар бир аялга туш боло бербейт.Жакындан бери мага кылган мамилеси өзгөрө баштады.Кааласа кабинетке жалгыз алып калып,кереги жок иш кагаздарын баарын каратып чыгат,толтура тапшырма берет.Мындай кылыгынан аябай чарчадым да,ачык айтуусун сурандым.
Мени көрүп кыйналып жашап жүргөнүн,бирок үй-бүлөсүн таштай албасын,мени да кыя албасын,эгер мен ,каршы болбосом жашыруун жолугуп тураарын айтып оозумду ачырды.Анын аялы менден бир топ жаш,и жашынакай аял.Үйгө келип терезени карап,көпкө отурдум ойлонуп.Жетекчиме не жетпейт?Заңгыраган үйү,эң кымбат маркада унаада жүрөт.Ийкемдуу аялы 2 кыз 2 уул.Кудай аны неден кем кылды?мени чындап жактырып жүрөбү?Ушунча чогуу иштеп анын жаман жагын такыр уккан эмесин, серёзно жүрөт,бейчеки баскан турганын байкаган жокмун.
Анын каалоосун аткарып,өз жыргалчылымды ойлоп аялын жүрөгүн ооруткум келбейт,анткени мен да жолдошумдун далай изменасын көтөрүп жашап,акыры чыдамым түгөнүп турмушу бузулган аялмын.Ушу жерден үй-бүлөсү бар мырзаларга кайрылып кетейин,кайсы аялзатына барбаңыз,ашкан сулуу,акыл карачач болсун,кылаа турган ишиң бир эле!!!


Секс деп кой
ОтветитьУдалить