Саламатсызбы админ.
Саламатсыздарбы эже синдилер мен азыркы учурда өтө оор акбалда турам эмне кылаарымды билбей жатам кенеш берип койунуздарчы. Турмушка чыканыма 5 жыл болду бир кызым бар күйөөмдү өзүм тааныган келин менен өбүшүп турган жеринен кармап алдым. Мурдагы күнү күйөөм жумуштагы дос балдары менен спирт ичимдигин ичип мас келди түнү 3то уктайын деп жаттык. Көп өтпөй телефонуна звонок келди күйөөм трубканы алып ким бул десе мен Эля сен кайдасын деп телефонун очурду. Мен ызы чуу чыгара баштаганда күйөөм мен ичип келем деп көчөгө чыгып кетти.
Мен такси чакырып аркасынан жөнөдүм жол жекте машина тосуп туруптур күйөөмөн бирааз өткөндөн кийин таксистке мен багажнике олтурайын күйөөмдү да алып айткан жерине жеткириниз десем. Таксист макул болду, анан артка айдап күйөөмдү алдык мени сезбеди. Адирести айтты жеттик, акчасын төлөп түшүп бир коорого кирди. Мен дагы артынан кирдим бирааз турдум үйдүн эшигин жанында. Аялдын үнү угулду кирип бардым өбүшүп турушуптур. Мен тааныган келин менен азыркы учурда күйөөм менден кечирим сурап жүрөт. Эмне кылаарым билбей жатам, кечире албай жатам ажырашсамбы же кызым үчүн жашайынбы? Кенеш берип койунуздарчы суранам.


Отправить комментарий