Жашым 21де. Менин колумду сурап келишти.
Бала өзүбүздүн айылда жашайт. Ата-энеси жакшы адамдар. Көйгөй баласында болуп жатат. Себеби курбумдун айтуусу боюнча, анын байкеси Россияда иштеп жүргөндө, женесине ал бала түндө барып журчу. Анын айтуусу боюнча бул нерсени байкабайт деле болчум дейт. Кокусунан көрүп калганын айтты. Женесинин ушундай кылыктарынан кийин ажырашыптыр. Эркек баланын үйлөнгөнгө чейин ошондой мамиледе болгонун укканда эле жүрөк айланат. Кенеш: бала менен ата-энем сүйлөшүп көр дейт. (Айтса эле ошол ой келе берет, кийин кандай болот.) Сүйлөшүп көрүүгө турабы?


Отправить комментарий