Салам админ! Мен 23 жаштамын.
Жактырган адамым мн буйруса кузундо турмуш куралы деп жатабыз. Бирок бир маселе ал менден кыйла сулуу😀 эми мен деле уродка эмесмин🙈бирок ал чын эле менден кыйла жакшынакай. Ошого; той дегенден бери эжелерим "ал экоон тенсинер суйуунор очуп сыйынар кетет, ал сенден сулуу тем более милиция тоготпой кетет,ыйлап калба деп акыл айтып жатышат.🤦♀️ мамилебиз жакшы,сыйлашып ,тушунушуп эле суйлошобуз,ишенебиз бири бирибизге.
Бирок чынле аял киши тойдон кийин тороп, озгоробуз дегендей. Баарыбир ойлонот экенсин да😀 куйоосу сулуу болуп бирок тынч эле жашаган эжелер мага дух💪 бериниздерчи) Суроонун ток этээр жери турмушка чыгуу чыкпоо эмес. Буйруса мен ыраазы элемин. Анткени сулуулук, жаш айырмадан башка сый-урмат,ыйман, тушунуу дегендер кымбатыраак экенине ишенем) ал эми сурайын дегеним суйушуп уйлонгон эжелерден) суйууну ,сый-урматты сактап калуу учун Кудайдан дуа кылчу,анан дагы кандай жолдору бар? Турмуш туйшук деп эле баары сыйлашпай калгым келбейт. Эмнелерди билуу,эмнелерге конул болуу,жана эмнелерге жол бербоо керек?


Отправить комментарий