ажырашуу

Куйоомо измена кылайын дейм, бирок ажырашкым келбейт...

 


Кандайсыздар мен да башымдан отуп жаткан нерсе менен бөлүшүп сиздерден кенеш сурайын дедим.

 Урушпастан жакшы кенешиниздерди берип койсонуздар. Мен азыркы учурда Москвадамын жолдошум эки балам бар кудайга шугур турмуш курганыбызга 9 жылдын жузу болуп жатат. Ал ортодо башыбыздан кандай кана нерселер өтпөдү мен жолдошумду сүйчүмүн 16 жашымда тийген учун көз ачып көргөнүм үчүн, катуу сүйчүмүн. Акыркы жылдары 3 жыл аралыгында тагыраагы Москавага келгенден кийин экөөбүздүн урушубуз күчөөчү болду. Ал мага өчөшүп измена кылды, сүйлөштү көзүм менен көрүп жазышкандарын кармаган күндөрүм да болду. Акчаларын коромжу кылып айтоор көп эле какшатты балдарымды сагынганым аз келгенсин, бунун кылыктары. 

Иштебей жатып калып карантинде ойлонуп ошол момент катуу урушуп бул мени таштап чыгып кетти кайра жараштык. Ачыгын айтканда мен чалып жарашалы балдар бар ошолор үчүн деп кадамды мен таштадым. Жараштык стрестен чачым тегерек болуп кал болуп түшүп да калды. Бара бара жүрөгүм да муздай баштады балдарыма Ата болсо болду деп жашай баштадым. Ажырашты ээри жок деген сөздү мойнума илгим келген жок. Ишке орноштум иштей баштадым мурун ойлочумун күйөөмдөн башка эч кимди сүйө албасам керек башкага конул бурсам балким ушуну кызганбай калаар белем деген ойлор кетчү. Анткени кызганычтан жадап уйкусуз түндөрдөн жадап бүткөн элем чон чон каталары обида болуп жүрөгүмө кадалып да калды. 

Азыр мамилебиз жакшы урушпайбыз бирок мени көңүлүм калып кетип жатат себеби мен иштеген жеримден чечен баланы сүйүп калдым, оюм да ошол качан болсо ошол ал добрый жакшы бала ал да мени жактырат күйөөм бар экенин билет эмне кылсам ажырашайын деген оюм жок. Бирок чынын айтканда измена кылайын деген оюм бар, ошондо кана мен күйөөмдү түшүнүп кечирип жашай аламбы деп ойлоп жүрөм.

Отправить комментарий

Отправить комментарий

Скачать?