Ичимдеги күйүттү бөлүшкүм келди, менин турмушка чыкканыма 2 жыл болойун деп калды.
Жаңы турмуш курганда 1 айдан кийин жолдошум Москвага кетти, ал жакка барган күнү эле бир кыз пайда болду, аны менен алышып жүрүп 2 жумада эле жолдошумдун жанына келип алдым үйдөгүлөрдүн түрткүсү менен. Ал кыз көп эле ажыраштырганы аракет кылды анын айынан боюмдан түштү. Бирок мен чыдадым и жендим. Андан бээри 1 жыл өттү азыр боюмда бар, эжем карантин башталганда жумушу токтоп биздин квартирага келип жашап калды 4 ай, жакшы жашап жатканбыз. Эжем келди деп эле эркелеп тамак дагы жасабай жыргап калдым.
Бир күнү күйөөм эжеме под роботка бар чыгасызбы деп калды эжем макул болду анан эртен өзүм таштап койом андан ары жумушума барам деди. Эртеси экөөнө тен жумушка чай берип жолдошумду кийиндирип узатып койдум. 2 сааттан кийин эле эжем телефондон чалып ыйлап жумушка барбадым үйгө барганда айтам деп уйго келип айта албай копко ыйлап под роботка эмес эле бир тажиктер экен мени зордойун деди деп койду. Мен ишенип калдым, 2,3 күндөн кийин эле башка эжем чалып сен кечке эле күйөөңдү мактай бересин анын ишене бересин көп эле көзүнө карай бербе, мактаганга 1 гана Аллах татыкттуу деп урушуп салды.
Мен ачуум менен урушуп өзүм билем мактасам ошого татыкттуу силерге не кылды анчалык, тынч койгула деп уруша берепмин. Үйдөгү эжеме сиз аларга не дединиз не деп жамандадыныз жумушка барса ошол жаман адамдарга күйөө баланыз атайлап салып бериптирби неге аны күнөөлөп ар кимге айтасыз, если чындап салып берген болсо мен ажырашам деп ишенүү менен сүйлөп, бугун ошол теманын түбүнө жетем деп тополон кылып туруп алыптырмын... Көрсө ал тажик эмес эле менин күйөөм экен, жумушка алып барам деп гостиницага алып барыптыр эжем ыйлап каршылык көрсөтүп чыгып келе берген экен.
Мен угуп шок болуп калдым ажырашам дедим бирок ичимдеги баланы ойлоп баарын унутуп эч нерсе болбогондой эле жашап жатканбыз. Анын айынан каттуу урушкан деле жокпуз, бирок бир туугандарым каттуу намысыма тийип сүйлөшөт, азыр 1 жыл өттү, балам 9 ай болду бирок бир туугандарым катташпай мени менен, көп сырдашпайт, саламым түз болгону, бир чети өкүнөм ошондо эжемди тандасам болмок экен деп, сиздердин оюнуздар кандай? кенеш сурайм.


ммм де
ОтветитьУдалить