ажырашуу

Авысыным мн кайним жатып журушуптур, кайнагам отуп кеткен...


 

Саламатсызбы. Анонимо чыгарып койосузбу. 

Менин абысыным бар 45 жашта. 5 жыл мурун кайнагам өтүп кеткен. Өткөн жылы уч төрт ай мурун кичуу кайним экөө жашап жүргөнүн билип калдым. Таң атбай жумуштап үйүнө барып калып өз көзүм менен көрүп калдым. Шок болдум. Абысыным айтты өзүңдүн күйөөң болсо эле болдубу мен деле ысык жанмын деп. Эмнеге кайним башка кишилер деле бар го десем, кыскасы оозунду жаап жүр болбосо үй бүлөөңдү бузуп салам деп коркутту. Өзү абдан шайыр шатман ак жүздүү сулуу, колунан бардык иш келет өзүн жакшы карайт, таза тыкан жүрөт. 

Той аштарыбыз ал женемсиз өтбөйт. Кайнагам өткөндөн бери атамдар кайнимди өздөрү жиберген болчу кечинде жатып мал салына отун суусуна каралаш деп. Ошондон бери ал жака кайним көп барат эле күнү деле түнү деле өзү бойдок. Мен билгенден бери кайним менден качат жалгыз мени менен калбайт көрүнбөшкө аракет кылат. Авысыным да мурдакыдай мамиле кыла албай менден качып калган. Эми атамдар да байкап калганбы айтор жаны жылдын алдынан үйлөнтөлү деп сөз айтышты эле кайним кыз таба бергиле айтканынарды алам деп койду. Көп өтпөй татынакай тарбиялуу хиджапчан кыз таап үйлөнтүштү. 

Авысыным болсо той болордо ооруп атам деп больницага жатып алды. Андан бери 2 айча өтүптүр жаны келинден акырын сурасам тун оогончо эле женемдин үйүндө жүрө берет го малын караштым деп дейт байкуш. Абысыныма атайын барып айттым үйлөндү тынч жашасын десем мен аны чакырган жокмун өзү болбой келип атат 4 жылдан бери жытын синип көнүп калыпмын. Сенден башкасын каалабайм деп жатыптыр. Көрсө кайнагам өткөндөн кийин бир жыл өтүп өтбөйт мамиле кылып баштаптыр. 

Кандайча башталып кеткенин өзү сезбей калыптыр экен женем. Эми эмне болот мен аябай кыжаалатмын байкуш бир сонун кыздын тагдыры бузулабы же токтошушабы , же баарына айтып салсамбы башым катты. Баарын көрүп билип мен кичуу абысыныма жүрөгүм ооруп жатат. Кайним барганын токтото элек окшойт. Бир айылда жашайбыз. Кайнагам кеч үйлөнгөн. Окуп иштеп шаардап жүрүп. Алардын 3 баласы бар улуусу 6 класс. 4 класс кичуусу эки жашта болчу күйөөсү өтүп кеткенде. Азыр 7ге чыгып калды. Кайним женемди эле алып алса болот беле же кандай эч эле айла таппадым. Кенеш кутөм.

Отправить комментарий

Отправить комментарий

Скачать?