зордуктоо

Уйдо эчким жокто болом зордуктап..



 Саламатсыздарбы айымдар эжелер и сиңдилер. 

Ушул жакка жазып жеңилдеп албасам болбой калды. Анда сөз башынан болсун жаман окуя башымдан өткөрдүм жашым 24тө үйдө жалгыз кызмын байкем жана иним бар. 14 жашымда иним 1 жашта аябай катуу ооруп калды папам менен мамам больницага алып жөнөштү үйдө ошол күнү байкем мен анан бөлөм бар эле экөө тең анда 18 жашта болушчу. Бөлөм биздин үйгө ата-энеси окуп эжеңдердин үйүндө туруптур деп жөнөтүшуптур. Кечке маал экөө бир жакка чыгып мен үйдө жалгыз калдым. 1 сааттан кийин тиги бөлөм келди байкем кана десем ал достору менен жүрөт, алар менен чогу сүйлөшүп отура албай койдум тааныбайм да деп үйгө кирип келди. 

Кечки тамак ичип экөөбүз, мен өз бөлмөмө кирип кеттим укташым керек эле эртен менен туруп мектепке бармакмын. Эч нерсе жаман оюм жок жаткам бөлөм бөлмөмө кирип келсе болобу. Эмнне болду дегенчекти баса калды айкырып каршылык көргөзө баштаганда башым менен стенага сүздүрүп ой боюма койбой сабап зордуктап салды. Денемдин ооруганынан өзүмдү жоготуп койгон экенмин ошол бойдон больницада ойгондум. 1 жумадай өзүмө келе албай жатыптырмын ойгонуп айланамды карасам байкушум мамам отурат жанымда ойгонгонумду көрүп врачтарды чакырды. Ал аңгыча жанымда папам байкемдер пайда болуп эле палатам ызы чуу болуп калды. 

Башымдын ооруганынан көзүмдү араң эле ачып карап коюп турдум. Ошентип акырындык менен өзүмө келе баштадым мамам байкушум 15 жылга каарып кетиптир көздөрү шишик аны көрүп мен ыйлайм. Көрсө байкем түнү ичинде кеч келсе эшиктер ачык үйдүн ичине чуркап кирсе мен жатыптырмын кебетемен эч тамтык калбаптыр . Кыйкырып кошуналарга чуркап папама чалып скорыйга салып алып кетишиптир мени больницага. Ошентип 1 айымды больницада өткөрдүм үйгө чыгарып келишти ата-энем. 

Жакшы боло албай кыйкырып күлүп ыйлап коркуп эч кимди жаныма жолотпой жинди болуп калганда леченияга мамам больницага алып барып жаткырышты. Психолог күндө келет ошентип акырындык менен өзүмө келе баштадым арадан 2жарым айдай өткөндө врачтар боюнда бар деп айтышты, ата-энем билген экен эчак эле аларга айтыптыр алдырса төрөбөй калышы мүмкүн өзүнө келгенде кеңешип сүйлөшүп чечкиле деп. Ал жаңылык мен үчүн шок болду алдырган жокмун төрөдүм...

Алдырган жокмун төрөдүм ай күнүмө жетип эркек мамам дароо эле өздөрүнө каттатып багып алышты а мен окуп азыр өзүмдүн кесибим боюнча иштейм а мени зордуктаган болом 15жылга кесилип кеткен. Азыр кудайга шүгүр миң мертебе ыраазымын баламдын баарына а бирок ал мени эже дейт билбейт мамасы экенимди эми жакында зордукчу боломдун мамалары эжелери үйдөгүлөргө чалып небересин коргулору келээрин айтышыптыр жок деп айтса мени айтпаган сөздөр менен сөгүп өчүрүп салган экен үйдөгүлөр дин жолунда жүргөн адамдар теңелген жок аларга. Кечирип сурайм аябай көп жазып алдым бирок бул жомок эмес менин чыныгы окуям.Корком кийин чоңойгондо тигинин туугандары бузуп койобу мени ата-энемди каршы кылып салсачы деп.Рахмат сизге админ чыгарып бере аласызбы

Отправить комментарий

Отправить комментарий

Скачать?