алданып

Зордоп кеткендиби же мурунку жигитимди тандасамбы...

 


Саламатсыздарбы ! Мурун айымдар сырларын жазып калса окуп калып эми ушунуда сурай береби дечим . 

Азыр сиздерден кеңеш сураганга муктажмын.Ичимден өзүмдү эзип жүргөнүмө 1ай болду.Эч кимге айта албайм. Азыркы учурда 3курсту аяктадым . Мектепте окуп жүргөндө классташым балам менен суйлошчум.Ушунча жыл сүйлөшүп жүргөнүм менен эч качан мага тийген эмес . Биз качан үй-бүлө болобуз ошондо деп.2 айдан бери башка бала мага көз салып жүргөн чалып жазып.Мен блокко салып койчум.Жигитим бар деп айтсам же түшүнбөйт.Жолугалы дечү.

Бирок мен бирда жолу барган эмесмин.Бир күнү жумушума келип калыптыр, сыртта турат кетпей мен да үйгө кетишим керек болчу . Жумуштагы эжелер бара бер эми үйүңө жеткирип койсун да дешип акыры макул болдум эч жаман оюм жок. Машинасында унчукпай эч нерсе сүйлөбөй бара жаттым.Ал башка жакка айдап баратты. Кайда кетип жатасың,менин үйүм бул жакта эмес десем машинасын токтотуп мени кечирип койчу деп зордуктап салды . Үйгө кыздык белгимден ажырап келдим.Ошондон кийин стресске түшүп калдым.Жумушка барбай үйдө өзүмдү жээп жатам . Ал бала неге мындай кыласың десем сен баарибир мени карабайт болчуң, ушундай жол менен тартып алгым келди дейт.Камкор болуп мени карайт,сага үйлөнөм кечир деп.Мен ушунча жыл сүйлөшкөн жигитиме айта албай жаман болом. Өзүмдүн жигитимди тандасамбы же мени зордуктаган баланыбы?

Отправить комментарий

Отправить комментарий

Скачать?