ажырашуу

Куйоом озунун жынысын бироого тартып жонотуптур....



 Аноним болсунчу, Саламатсыздарбы урматтуу айымдар, 

Сиздерден кенеш сурайын деп кайрылып жатам улуу муундагы, турмуштун өйдө ылдыйын көргөн эжелердин кеңешине муктажмын.
Жашым 22де 19жашымда жолдошума турмушка чыккам экинчи аялы болуп үй-бүлөөсүн бузган эмесмин. Менден мурун ажырашышыптыр. Жаштык кылып башым айланып тийип алгам башында баары жакшы болчу жакшы эле жашачубуз. Уулду болдук тилеке каршы балабыз оорукчан болуп төрөлүп калды тубаса эмес радовой травма алып эми жакшы болуп келе атат. Баланын азабы жаман экен баламдын дарды менен күйөөм экөөбүздүн мамилебиз сууп кетти, баланы сен кылдың дебейт ошонусуна кайылмын башкаларга окшоп оорукчан төрөдүң десе эмне кылмакмын деп айылдан шаарга келдик. Күйөөм 180°өзгөрдү мамилеси себеби чөйрөсү начар чыкты. 

Тууган менен чогу иштейт ортодон бизнеси бар кол көтөрүп сөгүп кыскасы бүгүн жакшы болсоң эртең сөгүп кагып силкмей. Ойлоп кетем неге мен өзүмдү буга кор кылып жашап жатам деп кайра баламды ойлоп каяка барам деп өзүмдү өзүм сооротуп калам. Баласын аябай жакшы көрөт, баласына кылган мамилесин көрүп өзүмдү курман кылып келем. Андан бери боюмдан түштү 2 айлык кезинде дагы боюмда бар булда зорго зорго турат угроза болуп жүрөм кудайлап отурам
Ар 3ай сайын больнцага жатабыз, кечегиде жатып чыктык. Кечээ күйөөмдүн тели ачык калыптыр коду алмаштырып турат анан вотсабына кирсем ич кийимчен бир кызга видео звонок чалыптыр жаман жүрөгүм ооруду. Галереясына кирсем жыныс мүчөсүн туруп турганын тартып бирөөгө жөнөткөн бейм өчүрбөй калыптыр анысын корум жаман жийиркенип жатам. 

Жолдошумдан мындай күтпөдүм эле күйөөмдү көргөн сайын жиийиркенип жанына жаткандан жийиркенип калдым даже баланы өпсө жиним келип жатат макул деп дардымды ичиме жутуп отурам. Лалафодон интимный массаж деп издегенин да давно көргөм анда да унчукпадым ыйманды өзүнө берсин деп бирок убалы балдарга тийет деп ошонусуна ичим ачышып жатат. Жашаганыбызга 3жыл болот төшөктө деле нормально жатпайбыз кой эми жашоо төшөк менен чектелбейт деп эле калам, ушунчалык чүнчүп жүдөп баратам жашоого деле желания калбай калды эмне кылсам эжелер уямды бузгум келбейт бирок чыдашка да куч жетпейт экен... Кеңеш бергилечи?
Отправить комментарий

Отправить комментарий

Скачать?