ажырашуу

Куйоомон кетким келет бирок акчам жок...

 


Саламатсыздарбы. Башынан ысык-суук өткөн эже сиңдилерден кеңеш сурайын дегем. 

Сөздүн кыскасы КҮЙӨӨМДӨН КЕТКИМ КЕЛЕТ БАЛАМДЫ АЛЫП🤦‍♀️🤦‍♀️🤦‍♀️. Көпкө балалуу болалбай жүрдүк ошону бетиме салып мага көрсөтпөгөн күнү калбаган. Элдин аялдары жөн эле төрөйт сен жүрөсүң деп. Измена кылды анысыныда кечирдим. Эмнеге кечирип чыдап жүрдүм азыр ойлоном. Кудайыма миң шүгүр кылам 7жыл дегенде чырактай уулду болдук. Түндөлөрү туруп алып Тахаджуд окуп ыйлап дуа кылып жүрүп тороп алдым шүгүр. Но балам үчүн баарын кечирип эстен чыгарып жашайм деп ойлогом но андай болбой жатат. 

Сыртымдан бактылуу жашап атканым менен ичимде бир капкара так болуп эзилип бүттүм. Ушинтип бала деп өзүмдү жертва кылгандан көрө лучше кеткеним жакшы го деп ойлоно берип🤦‍♀️🤦‍♀️. Күйөөмө келсек өзгөрүлдү ооба баласы дегенде ичкен ашын коюп чуркайт но ортобузда бизде мурдагыдай мамиле жок сый жок болор болбоско ажылдашып кетебиз. Кетип калайын десем акчам жок эсептеп продуктыга акча берет мен балам менен үйдө. Үйдө олтуруп бала менен эмне жумуш кылсам болот мен акча топтоп хотя бы жазга чейин эптеп балам менен кетишим керек күйөөмөн 🤦‍♀️🤦‍♀️🤦‍♀️. Ал кыз менен жазышкан смстери каждый раз мага корс мамиле кылганда көз алдыма элестейт.😢😢😢. Эркелешип жазышкандары. 

Чынын айтсам күйөөм жанында жаткым да келбейт ушунчалык көңүлүм калыптыр ошого жеткириптир🤦‍♀️. Акчам жок айласыз жашап жүрөм. Изменаны эч качан кечирбегиле жашоо болбойт экен балам үчүн деп. Эзилип ата-энемди ойлоп бир жагынан ушинтип күн өткөрүп жатам. Эжелер синдилер кенешиниздер керек. МОСКВАДА ТУРАБЫЗ. ЭМНЕ жумуш кылсам болот. Курска окуюн дейм акча бербейт күйөөм. Ар түрдүү бесплатный марафон вебинар онлайн кирип көрөм угам андан жыйынтык кылыш кыйын экен. 

Күйөөң багып атканда кысып жашай бербейсинби дээрсинер но көңүлүң калган адам менен жашаш оор экен кече колу да тийди мага болбогон нерсе үчүн үйдө кечке олтурасын раковинадан суу кетпей калыптыр тазалап койбосунбу деп🤦‍♀️🤦‍♀️🤦‍♀️🤦‍♀️. Все болду дедим ажырашам шашпа сен эми мага өлгөнчө жалдырап өтөсүң деп өзүмө өзүм сөз бердим. Көп жазып салдым окшойт ойлорум чачыранды кечиресиздер😢

Отправить комментарий

1 Комментарии

  1. Анонимный18.11.22

    Москвада болсон жакшы экенго, кадам сайын иш Москвада,уйдо олтуруп бироолордун баласын багып бер,же баланы бироого бактырып озун иште,уйдо олтуруп торт,морт бир нерселер жасап сат ана ишби.

    ОтветитьУдалить
Скачать?