алданып

Жолдошум мага оз карындашы мн кыянаттык кылган деп...

 


Мен улуу эжелерден кеп-кенеш алсамбы дедим эле чыгарып бере аласыздарбы...

Жолдошум экообуз баш кошконубузга 1 жылдай болуп калды, 2-айлык балабыз бар.Бирок ажырашсамбы же кетип калсамбы деп акыркы кундору коп ойлонмой болдум. Себеби, жолдошум мага өз карындашы менен кыянат кылган деп сомнения кармап келем.. Анткени 3-4 айдан бери жолдошум бир тууган карындашы менен калп эле ойноп жаткансып уяттуу жерлерин кармагандарын байкап келем. Неге антесин десем жон эле ойноп жатам, эмне болбойбу деп гана коёт. Кайын синдим чечинип жатканда көз албай тиктеп туруп алган кундору да болгон.

Ошол кундон бери төшөктө мага да көңүл бурбас болду. Эмне кыларымды билбей калдым. Жолдошум ичпейт, чекпейт. Бирок согуп кол көтөргөн күндөрү болуп турат, ага кошумча сөз берип эч сөзүнө, убадаларына турбайт. Акыркы күндөрү мага чейин сүйлөшкөн кыздарына мени салыштырып да келет. Жагымсыз жоруктарын эстеген сайын ага болгон сезимдерип муздап, конулум калып барат. Кетип калайын дейм бирок, баламды атасыз калтыргым келбейт. Кандай кылсам туура болот негативи жок кеп-кенеш бере кетсениздер жакшы болот эле...

Отправить комментарий

Отправить комментарий

Скачать?