Бул жашоодо адам баласы болуп жаралып көп нерселерди баштан өткөрөт экенбиз.
Аноним болсун атым. Жашым 29да. 3баланын энесимин. Жолдошум экообуз жашап жатканыбызга 10жыл болду. Он жыл ичинде эмнелерди баштан откорбодук. Анын экинчи аялы болуп тийгенимди тойдон сон билдим. Биринчиси менен ажырашкан экен. Ар нерсе болуп жатып макул эми жашайм деп жашап журдум. Ал арада биз эки кыздуу болдук Катар Катар. Жакшы эле жашап жатканбыз бир күнү үйүнө барып эс алып кел деп жонотту, суйунуп эле үйгө жөнөдүм. Баргандан баштап бир жолу чалбайт. Үйгө өзүм бардым,барсам өңү өзгөрүлүп башкача, көрсө ал ачлынан кызы да бар экен ошолорго барып жоолугуп келиптир.
Мен телефонунан баарын окуп алдым.Ошол кундон баштап жашоом таккыр башка тарапка озгорулду. Күндө уруш ошол аялынын айынан. Эптемей жашоо башталды. Мага конул деле бурбайт мен ага барып жатканын беш колдой билип жатсам да эч качан кетпейм деп озумо сөз бердим. Эгер мен кетсем анасын алып келет кызы менен а менчи эки кызымы кайда апарам деп кетпей койдум. Бир бирибиз менен ишибиз жок. Ошол убакта бир жигит менен таанышып калдым. Өзү сот болуп иштейт баардыгы келишкен. Аялга уважение отто сонун.
Билгизбей жоолугуп журо бердим а жолдошум да ал менен жоолугушуп журду. Көп өтпөй ошол таанышкан жигиттен боюмда болуп калды. Айласын издеп жолдошум менен эки жолу болдук дагы. Боюмда болуп калыптыр деп айттым. Ал сүйүнүп уул төрөйсүң деп мага мамилеси жылуу боло баштады. Ал бала андан боюмда бар экенин билбейт эле.Мамилени токтотолу деп точка койдум.Чын эле айыма жеттип уул тородум.
Жолдошумдун кубанычында чек жок эле.Биз мурдагыдай жашай баштадык.Биричи аялы да турмушка чыгыптыр.Балам азыр торттко чыкты,жолдошум жанынан арттык коруп жакшы корот.Бирок озунун баласы эмес да.Уулум кобуроок мага окшош болгон учун эч ойлонбосо керек.Бирок Эми эмне кылам омур боюу жашырып оттойунбу.Ага сенин канындан эмес деп канттип айттам. Кенещ бериңиздерчи?


Отправить комментарий