ажырашуу

Кайнежем мени кок ала кылып сабап салды...

 

Саламатсыздарбы. Жолдошум Россияда,

 Кайнене кайнатанын колунда жашайм 2кызым бар. Кичүүсү 4айлык. Бир кайнежем жана 3 кайынсиндим бар, азыр үйдө 2 эле кайынсиндим бар эле. Кайнежем жакында төрөп келди кыркын чыгаруу үчүн. Башка бөлмөлөр турса да кичүү кызым менен жашап жаткан бөлмөгө киргизип бизди жерге түшүрүп биздин спальнини да ээлеп жатып алышты. Ага да унчукпай жашап жаткам сыйлап эле, мен тамак кылып жатсам мага сайылып ар шылтоолорду айтып сүйлөнө берди. 2 кайынсиндим ( 9-кл, 3-курс) өздөрү чай кылып ичкени үчүн жини келиптир, сен кылып беришин керек эле дегенинен өздөрү кылса эмне болуптур чоң эле кыздар кылса кылат да же мага жеңе биз кылалбай атабыз кылып беринизчи десе кылып бермекмин деп биринчи жолу тийгенден бери сүйлөдүм. Ушул убака чейин бир кың этпей жашап келгем.
 Анан эле мен тамак кылып от жагып жаткан жериме келип сүйлөбө дегенинен сүйлөйм дедим жиним келип. Тур ата-энеңди чакыр деп башыма урду эле түрттүм колуңузду тийгизңиз мага Ата-энемди чакыр дегидей сиз кимсиз деп. Анан эле тээп жаткырып сабап салды. Мен эштеке кылалбай жатып калдым. Колун катуу кармаган элем кийин колумду ушинтти деп байлап алыптыр апама көргөзүп. Менин жараттарымды көрбөдү да, кайненем болсо кызына болушуп беттеримди ооздорумду чымчып спальниге жаткырып сабады эле беттерим ишип көгөрүп аймалып кетиптир. Бир туугандарым жини келип заявление жазабыз деп жүрөт, эмне кылышым керек? 
Кай жакка кайрылса болот? Мен уйдо ыйлап олтурганда кайнежем күйөөмө чалып өлгүдөй жалгандарды айтып апама каяша сүйлөдү деп жамандады. Куйоом только Ата-энем, бир туугандарым прав деген бала. Сен эмне эчкимди укпай калдңнбы жүгүңдү жыйнап үйүнө жөнө жообуңду бердим 3 талак деди. Кайнежем 94-жылкы башынан эле баткырбай бир жыл мурун да ошонун айынан ажырашып кетели деп жашап калганбыз. Мен үйдө эмес маалда жоолуктарыман бери уурдап алчу мен сүрөттөрдөн көрүп калчум ошондо да унчукпайт элем. Эмне кылам? Каякка заявления жазам кеңеш бериниздерчи?
Отправить комментарий

Отправить комментарий

Скачать?