алданып

Жигитимден боюмда болуп тородум эми...

 


Саламатсыздарбы урматуу айымдаар!

 Мен да кенешиниздерге муктаажмын😪 чыгарып берсениз жакшы болот эле! Жашым 19да, жигитимен боюмда болуп төрөгөм 20 кун болду, жакында той кылмакпыз. Кече күнү катуу уруш болду, менин айыман албетте, аркимден ар кайсы сөздү угуп, сокку угуп уруш угуп атып төрөдүм баламды эчнерсеге карабай. Эми болсо жаш эле орукчан болуп калдым, жок нерсеге ыйлап сыгылып ойлонуп өзүмдү күндө жейм. Кече да депрессия болуп урушуп кеттим эле, мага кол көтөрдү, сөктү, жүрөккө жетчү сөздөрдү айтты. 

Албетте күнөөмдү билем бирок анчалыка жетчүдөй кылбадым эле, менда эчнерсе көтөрө албай калыпмын акыркы убакта. Эми болсо ачуу үстүндө айтылды деп кутулат. Баарибир жүрөктө калат да, көңүлүм калды, мурда мындай өзгөрчү эмес! Эми кандай кылсам экен? Балам деп тийип кеткен менен мага да ден соолук керек эртенки күндө анын таягын жеп, соккусун уккум келбейт, тийбейн десем балабыз бар. Ушу кылган чооң күнөөмдүн жазасын тартып атам эми, мындан ары тынч жашагым келет , жок кылып эле салсамбы же тийсемби? Чоон рахмат алдын ала🙏

Отправить комментарий

Отправить комментарий

Скачать?