алданып

Атасы турмуш корбогон кыз жок беле деп...

 


Саламатсыздарбы эже синдилер,мен да сиздер менен сырдашып кенеш алгым келди.

 Ажырашканыма 2жылдай болду ортодо балабыз бар 3жаш. Ээрим ичкен жакшы созу жок айтоор кылбаганы жок эле, жашоо ушул турбайбы деп чоң энеме тууган болгон үчүн, үйдөгүлөр зордукча эле узатып салышкан. Өзүм 24жаштамын, 1жарым жыл мурун бойдок үйлөнбөгөн бала менен таанышкам. Биринчи ирээт көргөнүмдө эле көзүмө башкача жылуу көрүнгөн. Баламды өзүнүн баласындай жакшы көрөт, бир күнү эле мага турмушка чык деп сунуш кылды. 

Мен: ата-энен ынавайт тең теңи менен деп эле койгом. Бирок биздин тынбай жолугуп сүйлөшүп сырдашкандарыбыз күндөн күнгө күчөй берди. Акыры ал жок жашай албашымды билип да калдым, аны аябай жакшы көрөм. Үйлөнөм деген сунушуна кылган мамилем сөздөрүм менен эле ооба дегенсип жооп берип койдум. Ата-энеси эжелери ынабай чоң чыр чатак болду Ошентсе да үйүндөгүлөр менен алышып мамилебизди үзгөн жок. Тилим менен кет деймин дилимде кантип деген суроо кыйнай берди. 

Ушинтип жүрүп Москвага кетели дегенинен агада макул болдум. Азыр Москвада ак нике менен жашап жатабыз. Ата-энем турмушка чыкканымды билишет. Күйөөмдүн ата-энеси деле билет, бирок атасы баласынан таарынган, сага башка турмуш көрбөгөн кыз жок беле, бирөө түпкүргөн түкүрүктү оозуна аласынбы деп атасы куйоомо көөп эле айтыптыр. Аны капысанан телефонунан окуп калчуумун. Бирок абдан күйүмдүү кичине эле башкача болуп калсам көңүлүмдү көтөрүп аяп турат. Бир нерсе айтсам жок дебейт баарына макул, кээде аялдык истерикам тутуп урушуп да көрөм тополоң да салам. Баары жакшы болот деп эркелетип эле сооротуп коет.

 Балам азыр атасында буюрса жакын арада барып алып келесин деп жатат. Өзүнчө кээде мынча уулубуз мынча кызыбыз болот деп баламды да унутпай кошуп көөп жакшы ой максаттарын айтып калат. Апасы жазыптыр: сен сүйсөң мен эмне дейт элем ойлоп көрсөм жашай турган сен экенсин, атанда ынап калаар кыжаалат болбой тур деп. Бирок ошентсе да аябай коркуп кетем эртенки жашоом кандай болот. Кандай кенеш бересиздер, араныздарда ушундай нерсе башынан өткөндөр барбы,кенеш кутөм🙏

Отправить комментарий

Отправить комментарий

Скачать?