ажырашуу

Ажырашып апамды баксамбы? кантип айтам...



 Саламатсыздарбы эл катары мен дагы кенеш алып жардам суроону чечтим. 

Мен 3 бир тууганмын агам иним мен. Агам 7 жыл мурун авариядан 22 жашында каза болуп калды. Мамам ошол байкемен кийин 2 жолу инсульт алып +сахарный диабет деген оору тапты өзүнө 😥. Агама чейин мамам больницада санитарка болуп иштечу кийин ооруп иштей албай ишин таштады. Иним эми 10 жашта. Негизи инимди багып алганбыз өзү билбейт. Мен болсо турмуштамын күйөөм Москвада мен кайната кайненем мененмин. 

Күйөөм акчасын только кайненеме салат мага 1 тыйында салбайт жашаганыма 5 жыл болоюн деп калса да😓 Эми мен 1 жумага үйгө келгем көптөн бери кайненемдер жибербей келе албай аткам жол алыс бир чети. Келсем мамам байкуш аран эле жүрүптүр арыктап тамак аш продукты жок экен😢. Жада калса ун жок нан сатып жейли десек акча жок дейт 😭😭😭. Иним дем алыш күндөрү мойкада жардам берип иштейт ал күндө 150, 200с жакшы болсо 200 алып келет экен жардам берип эле иштегени үчүн. 

Мага мунун баарын айтчу эмес мамам💔😔. Кече кечинде келдим байкушум уйдо продукты эч нерсе жок экен суу май да жок экен гречка сууга бышырып ошону жещиптир магазинде да карыздар коп болуп продукты бербей калды деп мамам ыйлап жүрөктү оорутту. Пенсия аз эле алат экен ал кв га кетет. Эмне кылсам ажырашып эле мамамды карасамбы??? Бирок кайын журтум жакшы кайнене кайнатам жакшы адамдар күйөөмдүн эле характери оор. Азыр 2-балам кош бойлуумун 6 ай. Кандай кылсам болот? Ажырашсам өкүнүп калбаймынбы??? Эмнеге кайын журтуна айтпайсын жардам берсин күйөөңө айт дебениздер. 

Күйөөмөн мага акча карматпайт 1 тыйынга бери эсептеген битир адамдар сөздүн ачыгы. Кайненем да аябай акчага катуу алар эч нерсе билбейт мамамдар жөнүндө түшүнсөңүздөр керек эми😔. Үй дагы муздак. Кимде эски телевизор жылыткыч болсо бериниздерчи алланын ыраазычылыгы үчүн. Эмне кылышымды билбейм 5 күндөн кийин кетишим керек ошого чейин ары же бери болуп бир жансыл болуп кетишим керек. Кайненемдер салган сөйкөнү сатып продукты алып келейин деп азыр базарга барсам 1900 эле болот экен😏 аны сатып салсам точно сурайт кайненем аны билип турам. Ойлонуп кайра келе бердим. 

Отправить комментарий

Отправить комментарий

Скачать?