Саламатсызбы! Азыр жолдошум экөөбүздүн башыбызга эң татаал сыноолордун бири келди.
Абалдан сиздердин кеңеш менен чыгып кетсем деген ниет менен кат жазып жатам.Турмушка чыкканыма алты жылдан ашты. Жолдошум экөөбүз эки баланын ата-энеси болдук. Сырттан караган кишилерге жакшы жашап жаткандай көрүнгөнүбүз менен ич ара чоң көйгөй пайда болду. Ал — төшөк маселеси.
Күйөөгө 25 жашымда тийгем. Жолдошум менден эки жаш улуу. Экөөбүз көп деле сүйлөшкөн эмеспиз. Таанышкандан кийин бир айга жетпей үйлөнгөнбүз. Ага турмушка чыкканга чейин балдар менен деле жетелешип кыз-жигит болуп сүйлөшкөн эмесмин. Жумуш, ата-энеме жардам берейин деп жүрүп жеке жашоомду унутуп коюпмун. Көрсө, антпеш керек экен. Аны эми түшүнүп отурам.
Жакында эле жолдошум мага "төшөктө муздаксың" деп көңүлүндөгүдөй болбой жатканымды айтты. Бул сөз мага өтө катуу тийди. Чынын айтсам, өмүрү жигит менен сүйлөшүп көрбөгөн жаным төшөктө күйөөм айткан нерсени эле кылып, андан уяла берчүмүн. Жанымда жатса да ага көп ишенбей, жаныма жакындаткандан коркуп, тартына берер элем. Ошентсе да аракет кылчумун. Мунун баары таасир этти окшойт.
Күйөөмдүн сөзүн уккандан бери жанымды коерго жер таппай, дүйнө тар сезилип, эмне кыларымды билбей жүрөм. Кечирим сурайбы десем, сураган да жок. Кайра "башка бирөөнү таап алам" деп коркутту. Өзүмдү анын алдында бир байкуш сездим. Басып кетейин дейм, эки баламды аяйм. Анткени алар атасына аябай жакын. Кайын журтум да жакшы кишилер. Кайненем колума кол, бутума бут. Бирок күйөөң сага муздак мамиле жасап жатса анын баары эч нерсеге арзыбай калат экен. Азыр кетеримди же каларымды билбей, өзүмдү жалгыз сезип жаман болуп жүрөм. Кетсем башкаларга эмне деп айтам? Азыр жолдошум менен бир үйдө жашоо да кыйын болуп жатат. Бир чети аны көргүм келген жок, ага ушунчалык таарындым, ызаландым. Ошол эле учурда андан кетип да кала албай жатам. Чынын айтсам, аны жакшы көрөм. Бирок айткан сөздөрү улам кулагыма жаңырып, кечире да албай жатам.
Кырдаалдан кантип чыгам? Үй-бүлө очогун сактап калгым келет. Бирок күйөөмдүн көңүлү жок болсо мен жалгыз кантип сактап кала алам. Ошол эле учурда жолдошума баркымды сездиргим келип жатат.


Отправить комментарий