женешка

Женем себинен келген буюмдарын кызганып...

 


Саламатсызбы мен көптү көргөн көптү билген эже апалардан кеңеш сурайын дедим эле. 

Биз 3 бир тууганбыз эки агам бар үйлөнүшкөн мен жалгыз кызмын өзүм дагы турмуштамын. Көйгөй 2 жеңемде чоң жеңемди шаардан алганбыз мындайча айтканда байдын кызы бирок ошентсе да өзүн эч өйдөгө чыгарбайт ачык көңүлү бош кыз бала деп эле сыйлап турат.

 Иштерин дагы жок дебей баардыгын кылат бой көтөргөнду билбейт анан байкем дагы көзүнөн айланып аябай сүйөт женемди. Анан экинчи жеңеме келсек аны айылдан алдык бирок характери өтө начар зар келин болуп чыкты. Эч нерсени көрбөгөндөй себинде келген нерселерин кызганып бекитип, чоң женеме келген күндөн баштап атаандаштык кылат.

 Апамды болсо тоготпочудай байкеми кошуп, үйгө анда санда барганда көп байкадым кылыктарын. Мына эми чоң жеңемди жаман көрсөткүсү келеберет экен ошол мага айткан. Ошол мага үйрөткөн деп өзү белый пушистый болуп чыга калгысы келгидей. 

Апам дагы ишенбеди анын айтканына чоң жеңем жөнүндө. Эмне кылсам чоң жеңемден сурасамбы ушул ушак туура сөзбү деп же сурабай эле коё берейинби ал ушакта мен дагы бар экенмин болбосо киришпей эле коё берейин дегем сурасам кандай болот? Эки күндөн бери ой басып кыйналдым.

Отправить комментарий

Отправить комментарий

Скачать?