Мен дагы сиздерден кенеш сурайын деп чечтим.
Биздин 2 уулубуз бар, 1 жыл мурда күйөөм менен каттуу урушуп, ажырашпасам да үй алып коем деп чечтим. Үйдүн акчасына бир аз сом жетпей калган, ал акчаны бир тааныш кишиден алып тургам кредит алып берем деп. Сөздүн кыскасы ал акчаны бере албадым убагында, корсо ал кишинин ою такыр башка нерседе экен. Ал мага жазып, чалып жүрдү, көрүшүп да жүрдүк. Ошентип убакыт өтүп мен бул нерсе туура эмес, баарын токтотолу, акчаңызды да таап берем дедим.
Ал киши мен атаңа барып баарын айтам, күйөөңө да баарын айтам, сени жашатпайм деп айтты. Мен коркконумдан сөзүмдү кайра артка алдым, менин семьямды бузбанызчы деп. Акчаны таап бердим бирок андан кийин да тынч койбошун билдим. Бир туруп ойлоп кетем, аялына чалып айтсамбы болгон чындыкты? Андай кылсам күйөөм да баары жокту билип чооң скандал болобу? Эмне кылсам кутулам андан?ушул маселе менин жүрөгүмдү кысып бүттү, баарын айтып салсамбы аялына?


Отправить комментарий