Саламатсызбы эже анонимно чыгарып коюнузчу 🙏
Жолдошум бар деген аты бар. Эрте турмушка чыктым. Азыркыга чейин чыдап жашап келем. Урбайт бирок сөзү менен жейт. Азыркы учурда калбай сөгүшөм, айтышам. Ажаан болуп калдым😭
Төшөк маселеси бир айда 2жолу анда мен инициативам менен. Ошондой күндөрдө бир байке менен таанышып калдым. Вирт дүйнөдө.
Ошол мага жакшы советтерди берди. Ылайым үй-бүлөөсү менен аман болсун. Эч ким менен сырдаша алчу эмесмин. Курбуларым деле жок. Бирок ошол күндөн бери ыйлаганым күчөдү. Жанындагы жаткан эркегинден укпаган жылуу сөздөрдү чоочун адамдан уккагына арданым сыгылат экенсиң. Уруш талашыбыз өтө күчөдү жолдошум менен. Азыр ал байке менен байланыш жок. Бактылуу болсун. Кимдир бирөөнүн жылуу мамилеси, жакшы сөзү адам үчүн өтө чоң поддержка экен. Азыркы абалымды айтсам-баргым келген жака барам. Кийгим келген кийимди кийем.
Каалагандай басып туруп жашайм. Бирок өз акчама. Жолдошума тамагын жасап коём болду. Бир скандал болсо өтө чоң болот. Эми гана кадырымды түшүнүп келе жатат. Эми көңүл бура баштады. Сен башкача болуп калдың дейт. Айткан жагыма алып барып атат. Мурда коңүлү деп жатчу болсом азыр кааласам гана жатам.
Мен жакшы мамиле көргөн жанмын, мындай кылыгына чыдабайм! деп айткан элем. Өзүбүздүн жакшы маанайыбызды өзүбүз кана түзө алабыз айымдар!


Kunoo sizde da bolup jurbosun erkek jondon jon konul kalbait ozunuzdu da kuzgudon bir karap koiunuz!
ОтветитьУдалить