Салам чыгарып койосузбу мен турмушка чыгардан мурда мен бирөө менен сүйлөшүп турат элем.
Анча мынча келип турат эле мени канткен билбей калганмын боюмда болуп калган. 4 ай болгондо Бишкеке барып чогу иштеген кыздар билип текшерткен. Ал балага айтсам жок менден болгон эмес деп таң албай койгон эми каяка барат элем баланы алдырайын деп текшертсем кеч болду чонойуп калган дешти. Антип минтип убакыт өтүп кети 7ай болгондо алдырдым.
Ошентип 2 күндө кайра жумушка чыктым. Мен баланы алдырган куну анын атасы кайтыш болуптур кайра чалып жаныма журду. Ошентип айылга келдим мени алакачып кетишти анан тагдырга танн берип отуруп калдым. Күндөр өттү 4 балалуу болдум азыр күйөөмдүн көзү көрбөй калды дабасы табылбай атат. Ал бала эми мага турмушка чык карап жүрөм деп чалып атат, Өзү Москвада. Көрбөй калды деп күйөөмдү таштап кете албайм балдарым атасы. Бирок кантип күн кечирем күнүмдүк тамагыбызды кантип табам деп ойлоп давления болуп азыркы учурда жатып калдым. Балдарым жаш кенеш берип койунуздарчы эжелер.


Отправить комментарий