ажырашуу

Турмуштан ажырашкан синдим эми саунада иштейт экен...



 Ассалам алейкум менин дагы сырымды чыгарып бере аласызбы 🙏

 Азыр ушундай жаман акыбалда турам группаны окучумун бирок жазам деп эч ойлобоптурмун менин озумдун жалгыз синдим бар биз экообуз элебиз Аллахыма шугур Ата-энебиз бар бирок койгой синдимде болуп атат синдим жаш, турмушка чыгып ажырашып кетти, уйдо эми буулугуп жаман болбосун деп шаарга иштейм дегенинен уруксаат бергенбиз кичине озуно келип алаксысын деп, Эми болсо жаман кыздарга кошулуп саунада иштеп атыптыр 

кече капысынан телефонунан билип калдым озунду койоорго жер таппай атам😩😫 эмине кылаарымды билбейм же эжелерим жок кенеш сурайын десем Апама айтайын десем журогу ооруйт жаны эле больницадан чыкты Атам болсо Россияда, синдиме айттым суйлошуп мындай туура эмес жол бул токтот десем мени укпай кетип калды, кантип токтотсом болот апамада айта албай отурам, тан атканча уктаган жокмун ар кандай ойлор келет озумду эптеп кармап отурам азыр. Суранам негатив жазбай мага кенеш бериниздерчи синдимди кантип токтотсом болот?

Отправить комментарий

Отправить комментарий

Скачать?