атаэне

7- класстагы иним кичинекей кызымды тошокто...

 


Саламатсызбы админ, меникин дагы чыгарып беринизчи турмушка чыкканыма 7жыл болду. 

3 балам бар, 2уул 11 айлык кызым бар. Үч уктаса түшүмө кирбеген окуя болду. Өзүмдүн мамам 2-турмушка чыгып анын үч баласын багат күйөөсү каза болгон. Балдары чоңоюп калды кичүү баласы 7-класста окуйт. Каникул бүтөрү менен өзүмдүн үйүмө алып келип алгам каникулда биякта жүрсүн деп. Оюмда эч нерсе жок эле уй актап аткам, кызымды ошол иниме каратып коюп. Үйгө кирип чыгып эле жүргөм, анан эле кызым тынчып эле калгансыды жүрөгүм сезгендей эле үйгө кирип барсам кызымды шымын шыпырып алып тигиндей жасап атыптыр. 

Ошол жерден шок болуп кызымды ала калып эле карап жатып калдым өкүрүп бакырып. Кудай сактап кызым эч нерсе болбоптур момент кириптирмин, кичине кечиккенимде кеч болуп калмак экен. Ошол жерден сразу мен сени үйүңө салам кеткин деп маршуруткага салып жибердим. Шок абалда анан мамама чалдым балаңар ушинтти деп ал мени кайра урушуп балам андай кылбайт сен калп айтып атасын деп ишенбей койду. Айтпаган сөздүн баарын айтып таң калып ыйлап жибердим. Өзүмдүн мамам да ушундай мамиле кылатбы деп тигил бала үйгө айтып барыптыр мен эч нерсе кылган жокмун деп. Күйбөгөн жерим гүл болуп ошентип калып калдым.

 Күйөөм жумуштан келди анан баарын айттым ал дагы шок болуп эле калды. Кетирбей турбайт белең өлтүрмөкмүн деп сүйүнгөнүм кудай чоң сактаптыр кызымды. Кичине кечиккенимде ыйлап жүрүп өтмөк экем. Кызымды болду эч кимге таштабаймын деп сөз бердим. Кыздарынар балдарынарды эч кимге ишенип таштабагыла мага аябай чоң сабак болду. Ичимдеги бугумду чыгаргым келди мамама аябай таарынып калдым ишенбей баласына болушуп койду. Кеңешиниздер керек мамам менен катташайынбы же ушу менен колумду үзсөмбү???

Отправить комментарий

Отправить комментарий

Скачать?