балдарым

Мурунку девушкаман 5 жаштагы балам бар экен...

 


Саламатсыздарбы айымдар кечирим сурайм айымдардын группасына жазып жатканым үчүн.

Мага сиздердин кенешиниздер керек болуп жатат. Сөз башынан болсун мындан 5 жыл мурун бир кыз менен сүйлөшөт элем жашынакай ,арык, уялча кыз эле ага үйлөнөм деп колумду да тийгизбейт элем. Бир күнү үйлөнөлү десем жок деп эле болбой койду, себебин айтпай кетип калды. Кийин мага смс жазды "Менин 2 балам бар кечир" деп ишенбей кызыктай эле болуп олтуруп калдым. Эртеси жумушуна барып күтүп чыкканда машинага салып алып сурадым баарын айтып берди жолдошу 2- баласы боюнда барда каза болуп калыптыр, ойлонбой эле үйлөнөм дедим аны жоготкум келбеди. Кайра сүйлөшүп калдык 3 4 жолу бирге болдук анан ата-энеме айтып үйүнө жөнөтпөйүн десем 2 баласы бар сен уйлөнбөгөн жигитсин деп болбой койушту.

 Анан нике жашай берели десем кыз болбой койду, тенин эмесмин мен деп. Менден алыстай баштады аракет кылам болбойт, бир күнү кош бойлуу экенин билдим ичи бир аз билинип калган эле бир толуп да кетти сурасам сенден эмес күйөөмдөн деп айтты ошол менен мамилебизди токтотук. Арадан 5 жыл өттү мен үйлөндүм 2 кызым бар шүгүр бирок аялымда көңүл жок жөн гана жакшы сөздөрдү айтып сүйүндүрүп койом. Жакында эле ok.ru дан жанагы мен сүйгөн кыз смс жазды сразу жооп бердим номеримди сурап званок кылды, алып суйлоштук ал мага келип балдарды 1 жума карап турчу суранам деп калды, бир аз ооруп жатам таштаганы эч ким жок деди, макул болдум. Көрсө мага 5 жыл мурун жалган айткан экен ал курсагындагы менин балам экен эми айтты, ыйлап жатты уй бүлөөңдү бузгум келбейт бирок айлам жок үйдөн чыгарып салышкан бизди уят кыласын баланы жок кылып анан кел деп дейт. 

Ошол түнү адресин сурап бардым жакын эле жерде жашайт экен, жолукканда жүрөгүм каттуу согуп, кучактап алдым мени түртүп салды алыс бол аялың бар экенин унутпа деп. Дагы эле жашынакай, сулуу бойдон үйүнө кирдик балдар уктап жаткан экен аш канада сүйлөшүп отуруп тан атырдык. Аялына зв.к кыл деп кайра кайра айтып жатып акыры зв.к кылып дос баланын үйүндөмүн деп айттым. Балдар ойгонду балам менен тааныштырды өзүмө окшош экен жүрөгүм эзилип, ыйлап жатты неге суйгон адам менен боло албадым деп. Бизге тамак берип озу лечение алганы больнитцага жоноду, эмнеге экенин айтпайт  Эмнеге экенин айтпайт жон эле деп мен да барам деп бардым.Врач м.н жолугуп сурасам ошол жерден нес болуп отуруп калдым устумдон муздак суу куйгондай болду.Мен суйгон инсан жаман ооруга чалдыгып калыптыр (женский жактан рак)канча жашарын бир кудай билет эми.Мени ошол учун издеп тапкан экен кантсе да бир баламдын атасы сен эми 3 ну болбой багып алчы деп суранды,азыр личеня алып жатат эжелер ушул ооруну кантип женсе болот айтыныздарчы суранам
Отправить комментарий

Отправить комментарий

Скачать?