атаэне

Мени 4 жолу ала качып кайра келгем, тандаган тазга жол...



 Саламатсызбы админ чыгарып бере аласызбы сураныч!

Менин жашым 18 де азыркы учурда мед колледжде 2 курста окуйм!!!
Менин проблемам торт жолу алып качып кетти бирок мен кайра келип алдым отурбай. Өзүмдүн сүйлөшкөн жигитим жок мактанып жазыптыр дебестен жакшы кенешиниздерди бериниздерчи сураныч. Үйгө жуучулар келип жанымды койбой атышат мен тааныган балдардан деле тааныбагандардан деле. Бирок мен окуйм деп бирөөсүнө да макул болбой жүрөм ушул кылганым туурабы апамдар айтып атышат баарын кайтарган болбойт кызым бирөөсүн танда дешип. Бирок менин азыр турмуш куруу оюм жок ошон үчүн азыр тандап жүрө берсем кийин кеч болуп калбайбы и анан тандап тазга жолугасын деп атышат ошондо кандай болуп калат сураныч негатив кереги жок туура жол айтып коюнуздарчы сураныч??
Отправить комментарий

Отправить комментарий

Скачать?