Саламатсыңарбы мен да силерге кат жиберүүнү оң көрдүм,
Мен жазган катты да чыгарып берсеңер, элдин оюн угуп көрөйүн, мен 42жаштамын 4перзентибиз бар, бирок үйүбүздө жылуулук жок, бирин бири сыйлоо деген жок. Жолдошум ар дайым мени күнөөлөйт болгон ишке да болбогон ишке да. Ооруп калса да мен күнөлүү, иши жүрүшпөй калса да мен күнөлүү, бала ооруп калса да мен күнөлү. Тажап кеттим. Учурда иштебейт , үйдө жатат, эл катары насыя алганбыз банктан, төлөмү келсе атамдан карыз алып төлөдүк, мен өзүм иштейм, бирок менин маянам анын кредитине жетпейт, анткени 4перзентибиз бар, алардын тамак ашы, кийин кечеси дегендей, ажырашып эле алсам дейм, бизди ким ажырата алат, кайсы органга кайрылуу керек?


Отправить комментарий