Саламатсызбы аноним кылып чыгарып бересизби.
Мен окуучу эле кызмын менин проблемам апам. Апамдын ойноштору көп ар бир эркекти карай берет. Көчөдө машина да отурган эркектерди деле карайт. Өзүнөн кичүүлөрдү деле карай берет телефондон да ойношу бар экенин билдим. Одноклассниктен бир түрк жана бир кыргыз эркекти таап алыптыр. Алар менен жаш кыздардай жаным деп сиз деп сүйлөшөт.
Үйдө 5 бир тууганмын апчем жана мен билем ойноштору бар экенин. Баягыда иним дагы апамдын телефонун алып атканда бирөөсү ЖАН деп жазыптыр. Иним аны көрүп алып чочуп мага көрсөттү мен билбейм адашып жазып алган окшойт деп койдум. Атам дагы андай сүйлөшпөйт, бирок жаш келиндерди карай берет. Кеңеш бериниздерчи апамдын өзүнө кантип айтам "апа токтотуңуз биз чонойдук сиз да 40 чыгып калдыныз"- деп уялып айта албай келем. Кантип айтсам атама бир туугандарыма айтсам кандай болот? Туура болобу? Урушпай кенеш бериниздерчи сураныч 😭💔


Отправить комментарий