Саламатсыздарбы?Жашым 33 то бир балам бар.
Акыркы 5 жылдан бери депрессияда журом.Эч нерсеге кубана албай жатам.Турмушумдун болбогону,баламдын диагнозу мени аябай чунчутуп жиберди.Баламды садике да бере албай жатам.Учурда баламды карап уйдо элемин.Баламдын атасы кварплатабызды толойт.Мен башка комнатасына кыздарды алып,ошолордун берген акчасы менен жан багабыз балам экообуз.Уйдо олтуруп эле бала менен кандай иш кылсам деп ойлоном,анын жолун таппайм.Озумо болгон самооценка жана ишенич аябай тушуп кеткен.Ал тургай мурдагы тааныштар,курбулар менен да байланыш жок.Кочого чыксам деле адамдар менен таанышып,суйлошуп кете албайм.Аябай жабылып калгам.Онлайн деле курстарга окугум келет,озумо болгон ишеничтин жоктугунан алып кете аламынбы деп ойлоном.Мен учун жакшы жашоого кадам таштоо да ото кыйын болуп жатат.Ютуб,инстадан толтура психологторго подписка болгом,коруп эле койгонум болбосо,такыр сабактарына катышпадым.Озум кол онорчулуко кызыгам.


Отправить комментарий