Саламатсызбы админ менинда журогумду ойгон эчкимге айта албаган сырым бар чыгарып койосузбу сураныч негатив кереги жок.
Мен турмушка чыкканыма 7ай болду боюмда бар кудайга шугур күйөөм жакшы кайн-журтумда түшүнүктүү адамдар. Мен кичинекей кезимде эсимде жок 1-2классмынбы билбейм алыс тууганым мени менен тен бала менен ойноп 1-2жолу жаткан экенбиз ал кезде кыздык эмне эштекени билчу эмесмин. Бизден 2 жаш чон эже ойногула деп жаткырчу экен эстесем. Кийин чоңойдум элес-элес эстеп жанакы нерсени ойлоп кыйнала баштадым мен кызмынбы турмушка кантип чыгам деп мага жаккан балдардан жуучу келди корктум ата-энемди уят кылсамчы деп.
Кийин студент болуп жүргөндө гинекологко барып көрүндүм айттым ушундай эстей албайм деп чын элеби жигитин менен жаткан жоксунбу деп анча ишенген жок тойго жакын кел тигип берем антпесен кан чыкпай калат деди. Акыры окуунуда бүтүп бир бала менен сүйлөшүп жүрүп сөйкө салды ага айтсамбы айтпай эле койсомбу ишенбейт барибир деп айткан жокмун тойго 2кун калганда жанакы врачка бардым. Тигип койдум коркпо баары жакшы болот деди. Той болду коркуп ошону ойлоп журдум той бутконго чейин.Той бүтүп нике туну башталды аябай кыйналдым оюмда э кудайым жүзүмдү жарык кыл деп тиленип жаттым. Постельге кан түшүптүр жолдошум бактылуу менда кудайга ыраазы болуп ыйлап жаттым. Ошентип күндөр өтүп жатат жолдошумдун мага кылган камкордугун көрүп өзүм ич ичимден сыгылып кетем кийин күйөөсүн жүзүн кантип карайм не деп жооп берем деп Кудайдан кечирчи деп суранам. Жакшы кенешиниздерди бериниздерчи эжелер....


Отправить комментарий