Саламатсыздарбы админ мен да эже синдилер менен ой бөлүшкүм келет чыгарып беринизчи атым аноним болсун.
Нарындык бала менен сүйлөшүп жүрүп үйлөнгөнбүз экөөбүздүн тең 2-турмушубуз, биринчи турмушунан 12 жыл жашап балалуу боло албай ажырашкан экен. Кийин карындашы мени мени тааныштырып сүйлөшүп жүрүп үйлөндүк баары жакшы эле болчу, биринчи аялы үйлөнгөнүн угуп алып жанын койбой чалып жүрүптүр, и жолдошум да жашыруун дагы бир телефон менен жазышып жүрчү экен. Кийин билип калдым андан бери 6 ай өттү дагы эле ошо тема сүйлөшөт чалат жанын койбой а менин болсо ай күнүм келип калды мына.
И ал аялы жазыптыр сенин балаң эмес сен алдангансын мен деле 12 жылдан бери төрөйт элемго деп, биз үйлөнгөндө бир айга жетпей эле боюмда болду. Мындай кылаарын билгенде сактанып жүрө турат элем да, кудайым мага берди деп суйунуп жүрчү жолдошум. Анан эле тигиниси пайда болду үйдө уруш күндө, мына азыркы убака чейин тышка чыкса разблокировайтет да сүйлөшөт, үйгө кирээрде бири бирин заблок кылып коюшат. Эми кандай кылаарымды билбей турам же бир туруп ойлоном бул баары бир токтолбойт ко балалуу болом деп турса да тигиниси чалса эле жинди болуп калат. Атак өзү мага кылган мамилеси жакшы эле же биринчи аялынын тууган уругуна чейин айтып салгым келет ушундай жашоо бербей эч тынч койбой кела атканын. Антейин десем жолдошумда да күнөө барда, бирок кайын журтума айткам бул ушундай кылып келе атат деп кандай кылаарымды билбей турам.


Отправить комментарий