алданып

17- Жашымда бир байкеден боюмда болуп калып...

 


Салам админ , аноним чыгарып берчи урушкандарды угуп кичине өзүмө келемби , коментарийлерди окуп заслужила деп женилдейин.

 Бул өтө катуу сыр ушунча жылдан бери эч бир жанга айта элекмин!

Мен 17 жашымда боюмда болуп калгам. Ал жигитим менден чоң бизнесмен болчу ата-энем , туугандар таанып калган! Бирок кошулуп жүргөнүбүздү билишчү эмес , ошентип жүрүп боюмда болуп калды! Эмнегедир ошо маалда үйлөнгөнгө жашмын деп макул болбой койгом жиндимин да! 5 ай болгондо түшүрдүк баланы , больницадан чыкканда үйүнө алып чыгып өзү карады! Ошентип журуп 11-классты бүткөндө авария болдум бутум сынып универге тапшыргандан да калдым! Больницада көп жаттым баягы эле жигитим больницага келет карайт , бир күнү ал, бир күн туугандарым карашат! Аварияга учураганда араң эле 18 жашта элем! 
Ошентип больницадан дагы өзү алып чыгып кетип жакшы карады мени кайра башынан басканды үйрөттү жаны баскан жаш баладай. Бутум жакшы болуп басып калганда таежемдикине келдим ал жерден бир кошунасы мени жакшы көрүп калыптыр , мен аны көргүм келчү эмес . Он метрден кашчымын . Ал жигит алып качып кетти ошентип ай айланбай! Ыйлып боздоп отуруп калдым! Таежем менен эжемен таяк жедим отур деп .
 Жакшы жер деп макташып! Ошол убакыттын бер 13 жыл өттү 4 балабыз бар жолдошум мени жакшы көрөт . Бирок мен жолдошумду дагы деле жакшы көрө албай келем! Жолдошум билбейт мурда боюман алдырганымды! Азыр эми айылда жашайбыз жолдошум азыр Россияда турмушка чыккандан бери өзүмдөн 2 жаш кичине кайним сүйүүсүн аябай настойчива айтып жүрөт, прямь добивается . Ушу жылы сүйүүсүн кабыл алып жүрөм сүйлөшөбүз мени аябай эркелетип чындап сүйөт десем болот. Бирок ката аркасынан ката кантип токтотсом болот! Негизи турмушка чыккан аялды ошончо катуу сүйүү мүмкүнбү!
Отправить комментарий

Отправить комментарий

Скачать?