алакачуу

Озумдун айылыма эле озумон 10 жаш улуу байкеге...

 


Салам админ тез чыгарып беринчи мумкун болсо мага чон эжелердин жардамы керек! 

Менин жашым 23 то, жакында эле өзүмдөн он жаш улуу айылдаш балага турмушка чыккам. Кол менен эле алып кеткен сөйкө салып. Анан мага бир жумадан кийин Бишкектен бир кыз чалды мен аялымын деп, ортодо бир уулубуз бар, баламды атасыз жетим калтырдын деген сөздөрдү айтты. Ажырашкандарына 6ай эле болуптур мен билген эмесмин (((( Күйөөмө айтсам жок менин аялым эмес, баламда эмес деп танып жатат, тигил биринчи аялы мага толгон токой сүрөттөрүн, баласы экөөнүн түшкөн сүрөттөрүн жөнөттү, кантип ишенбей коё алам? 

Керек болсо мага тийчи, мага уул тороп берчи деп жазган смстерин жонотту((( Ичим куйуп өлгөнү калдым. Күйөөмдү жаныма жолоткум келбей калды ишенсенер. Ошондо мени биринчи аялына өчөшүп эле мени алган болуп калабы? Мени эки ой жеди эртен ортолорунда бала бар экен күйөөм катташып, жардам берип баштасачы? Же мен кетип калайынбы баары кеч боло электе. Же мени чындап эле сүйөбү? Биринчи аялын кордум аябай сулуу кыз экен(( Ата-энеси билсе да билмексен болгон окшойт. Биринчиси баланын эжелери менен сүйлөшүп турат экен. Менин бащымды айландырышты баарылап кимисине ишенээримди билбей калдым. Же ата-энеси кыйнап үйлөндүргөн окшойт мага. Биринчи аялы сен кет болбосо экинчиси болуп жашап каласын деп коркутуп жатат! Кетип калсамбы? Күйөөм азыр дагы аны менен байланышып турат экен телефондон көрүп калдым. Бул бала көбүнчө шаарда жүрчү. Мен айылда. Эмне кылам? Бир жумадан кийин үйгө барсам эл эмне дейт? .

Отправить комментарий

Отправить комментарий

Скачать?