арак

Апам мн атам урушса, атам бычак которуп ...



 Саламатсызбы. Чыгарып кое аласыздарбы. 

Жазбай эле коеюн дедим эле, бирок бугунку уруштан кийин сиздер менен болушкум келди. Соз атам тууралуу. Ооба, билем, айтасынар Ата деген ата, ал жонундо жаман соз айтпа деп. Бирок окуп чыгып баамдап коргулочу ошондой атанын кереги бар экенин. Атам жыргатып иштеген эмес. Бир кун оору бир кун соо, анткени арак деген балекетти ушундай жакшы корчу. 

Апам байкуш жалгыз иштеп бизди бакты. Атам болсо арак ичип келип алып мээсин жеп, таяктап Керек болсо бизге да колун которот эле. Макул иштебесин, ичсин бирок унчукпай эле журо берсе да жакшы эмеспи. Тили уу. Уйдо жатып бекерчи, ушактап, аркыны беркине чабыштырып эле журот. Бизге атадай болуп акыл насаатын айтмак тугул Силер олуп кеткиле дейт. Кара жерге киргиле дейт. Ушундай жаман создор менен согунот. 

Апам кичинекей эле бир нерсе айтып койсо кыйкырып жулунуп, бычак которуп олтуром деп чыгат. Биз кичинекей кезден бери эле ушундай корунуш. Догурунуп жашайт. Ушундай улуу кундордо, туулган кундордо дайыма чыр чыгарып турат. Кичинекей кезден эле баары эсте бар. Куйоого тийчу деле убакыт келди. Бирок атамдын айынан тийгим келбейт. Эл журтка бизди уят кылып ошол жерден концертин баштайт, мен аны жакшы билем.

 Жок жерден эле уруш баштайт. Уйдон чыгып кеткиле дегени бар. Силер квартирантсынар деп. Эшиктин жумушун кыйратпай Уйдун ар бир ишине аралашат. Ушундай тажадык, Аман эле болсун ооба. Кудайдан журогуно ыйман бере кор деп суранам.

Отправить комментарий

Отправить комментарий

Скачать?