Саламатсыздарбы, менин катымды дагы чыгарып беринизчи. Алдын ала ырахмат.
Мен турмушка чыкканыма 2 жыл болду. Негизи үйдөн мамам барын үйрөткөн, кылып эле жүрчүмүн. Менин кичинекей көйгөйүм кайненем.
Жоок апам жаман эмес , сонун Адам мен аны жакшы көрөм. Бирок апам абдан эле элпек , шыпылдак. Тигини кыл ,муну кыл дебейт. Анда жакшы экен дешиңер мүмкүн бирок кечинде тамакка отурганда , башым ооруду тиягым ооруду биягым ооруду дей берет. Мен дагы колумдан келишинче оокаттан апамдан ашып түшкөнгө аракет кылам.
Анан апамдын кайнежелери келсе эле келининди жумшабайсынбы , келинин эмне кылат дей беришет. Анан мени кичинекей кыздай көрөбү айтор, үйдү актайын десем мурда актачу белең деп сурайт. Андан көрө сен пол жуу деп. Чынында үйгө келин болуп түшкөнү үй актатпайт.
Жон койсоң полду деле жууп жүрө берчүдөй. Бир эмес эки келиндүү болдуңуз кичине өйдөрөөк отуруңуз десем, ой жоок деп менин жаныма отуруп алат. Бирок апамды жакшы көрөм. Апама өз оордун кантип көргөзөм, мен келин экенимди кантип сездерем?


Отправить комментарий