Саламатсызбы ?Эже менин дагы, катымды чыгарып беринизчи . Алдын ала чоон рахмат.
Улу көпту көргөн эжелерден кенеш алайынчы. Анда сөз башынан болсун. 1кызым менен ажырашып кеткем,күйөм кызынан деле Кабар албайт.Алементи каласа төлөйт болбосо жок. Такыр байланышыбыз жок. Бойдокчулукта тойдо бир жигит менен таанышкан элем.ал үйлөнгөн экен аны билбейм сүйлөшүп алып токтотком барын. Көрсө ал бала өзүбүздүн эле тууганыбыз болуп чыкты кийин тууган катары мамиленди үзбөчү деп жалына бергенен чалса алып сүйлөшүп койчум. Арадан аз өтпөй өзүм деле турмушка чыктым 3жыл жашап туурмушубуз болбоду канча аракет кылдым баривир кайнене деген кайнене турбайбы.
Эми ал бала менден мурун эле ажырашып кеткен экен. Бир күнү базардан келип жатып көрүшүп сүйлөшүп калдык. Эми азыр ал мага үйлөнөм.
Үйдөгүлөргө сен тууралы барын айтып бердим.Атам өзүмүн карындашымын кызы болсо алып берем Анда деп жатыптыр. Ал айтат кызын менен кошо алам өзүмүн баламды кандай көрсөм кызыгы да ошондой көрөм деп. Мен эсе ойлонуп
Калдым экинчи турмушта бактылуу жашагандар барбы. Кайната кайнене дегенден коркуп калгам. Кызым жаш кезинде турмушка чыгып алсам жакшыбы ата деп калабы деп көп ойлоном. Кеде ал биринчи аялына кетип калса не болот деп көп нерсени ойлонуп калдым.
Эмне кылсам болот эжелер негатив жазбай эле койунуздарчы. Алдын ала чоон рахмат барыныздарга. Үй бүлөнүздөр менен бактылуу болгула эжелер.


Отправить комментарий