келиндер

Куйоомдун достору башка аялдарды ээрчитип келишет...


 

Ассаляму Алейкум!Акыл-эстүү эжелерден кеңеш сурайм.Жолдошум экөөбүз 3-4жылдан бери москвадабыз.Арада күйөөмдүн достору мн кафеге,эс алууга чогулуп турабыз.Досторунун баарынын аялдары Кыргызстанда,бирок алар дайыма ар кандай аялдарды жетелеп келишет эс алууга, менден уялышпайт деле.Арасында балалуу болуп калгандар дагы бар, башка күйөөсү бар катындар мн жүргөндөрү деле бар. Ушунчалык жаным кейийт. Аялдарына айтып салсамбы дейм кайра бирөөнүн үй-бүлөсүн бузгандан корком бирөө болсо да мейли эле.Унчукпайын десем бири-бирин азгырат турбайбы булар,өзүмдүн да күйөөм жөн жүрбөй ошолорго кошулуп свиданиялап жүргөнүн билип калып канча уруш жаңжал болду.Эмне кылсам же күйөөмдү досторунан бөлүп сала албасам. Баарына Ынсап берсин!Бир эки досторун аялыңызга айтам, өзүңөр жүрө бергиле досуңарды чакырбагыла деп коркутуп деле көрдүм болбоду,уялбай апам өтүп күйүтүмдөн өзүмдү алаксытып жүрүп атам да аяш деп коёт.Кыскасы жакшы кеңеш айткылачы кандай кылсам. 

Отправить комментарий

Отправить комментарий

Скачать?