Саламатсызбы эже мен сизге мурун да жазган элем соонун кенештерди алгам.
Азыр да кенешке муктаж болуп отурам. Жолдошум бир жума мурун Казань шаарынан иштеп келген. Баары жакшы болчу 3 4кун мурун телефонунан эски таанышы менен жазышкандарын окуп алып жүрөгүм ооруп атат.
Аябай душевно сүйлөшүптүр, ал кызга чалсам "ал сени сүйбөйт даже жить с тобой не хочет очнись уже" дегенде жолдошума жашабайм мени жеткирип кой сүйгөн адамың менен бактылуу жаша, мени менен бактысыз болуп өмүрүңдү өткөрбө десем үч күндөн бери коё бербей турат.
Мага сен эле керексин деп, мен кош бойлуумун 7 ай болоюн деп калдым, эч кечире албай атам. Өзүмө жолотпой аны менен илгертен тааныш экен. Кетип калайын деп баратып өзүмдүн үй бүлөөмдү аяп кеттим.
Апам каза болуп калган, атам эки сиңдимди карап жашайт давлениясы бар. Менин жакшы жашоодо жашаганымды көрүп кайрат кылат. Мен эми кантип унутуп кайра күлүп жайнап жашап кете алам. Үй бүлөө бузаар кыздар көбөйүп кетиптир кийин өзүңөргө бумеранг болуп кайтып келээрин түшүнгүлөчү


Отправить комментарий