Саламатсызбы?
Ата-энем менин макулдугумсуз үйгө келген жуучуларга ыраазычылык берип койду.. Ал балада көңүлүм жок. Сөйкө салуу болду, бирок дагы деле көңүлүм жылыбай жатат.. Токтотолу десем батадан кайткан адам бактылуу болбойт, кесепети убалы урат дешет..
Чын эле ошондойбу?Өзүм көп нерсени түшүнүп эле калган кызмын, мени да угуп коюңуздар деп көп түшүндүрдүм.. Бирок пайдасы болбоду. Мен жок десем да ата энем Макул деп койгону үчүн көңүлүмдө таарыныч пайда болгон. Ал жакшы эле бала, бирок эмнегедир көңүлүмө жакпайт. Тойдон кийин кантип жашайм? Деген суроо жан дүйнөмдү талкалап бүттү..Азыр убакыт барында токтотсо жакшыбы? Же ушунча нерседен кийин, баарыбир бактылуу боло албаймынбы? Батадан кайткан кыз жарыбайт дешет...


Отправить комментарий