ажырашуу

Куйоом сабаганда милицияга берип анан..

 


Саламатсыздарбы? Мен аябай кеңеш алууга муктаж болуп турам😞.

 Ушунчалык намыс өлүмдөн каттуу деген чын экен. 25 жаштамын 1 кыз, 1 эркек балам бар. Жолдошум экөөбүз каттуу уруша кеттик эле, менин чачыман аябай сүйрөдү эле башка да жедим. Айтор болбогон нерседен чыр чыгып кетти. Кайненем болушса даа болгон жоок. Каттуу уруш болду. Оюма милиция келди, сени милицияга берем десем дагы чачыман жулду бар ээрчитип кел деп. Түнкү саат 23:00 эле. Көчөгө чыктым, чачым саксайган кебетем өллө жаман.

 Бир кошуна эжеге кирип айттым чалып беринизчи деп ыйлап. Зордук, зомбулук кайсы экенин билбейбиз акыры таптык окшойт. Адрести айттым. Алар бат эле келишти. Үйгө келсем жолдошум жатып алыптыр баары жатыптыр. Милиция болуп киргенде светти күйгүздүк, баары турду. Баарыбыздан сурай башташты, мени эч кимиси колдогон жоок. Кайра мени күнөөлөп гана туруп алышты😪. Ого бетер нерв болдум даа арыз жазам деп жазып салдым.

 Ошо менен милиция кетти эртең 10:00 баргыла деп кетишти. Эртеси болду чай ичишип олтурушкан мени чай ич деп айтты. Чай ичип олтурсак арызды алчы жашагыла деп суранышты. Макул деп кечирдим. Милицияга баарыбыз бардык арызды алам десем уже кеч сотко өттү деп койду сурансак даа болбоду акыры сот болду. Кечириштик деп сотко айттык. 

Сот макул деп 5 күн кара жумуш жасайт деди . Өздөрү кайра чакырышты иште деп эми айылдагы канторду тазалап жүрөт 😪Мен төркүнүмө кеткем эс алганы. Тазалап жүрүптүр 5 күн иштейт экен. Мен эми элди кантип карайм билбейм 😪күйөөсүн сотко берип иштетип атат деп эл дүңүлдөп атса керек. Жер ачык болсо кирип эле кетким келип атат көчөдөн өткөндөр баары көрүп атыптыр. Неге милиция чакырдым деп өзүм жеп атам😪или ошондо ажырашсам даа билинбейт эле, милиция берип туруп кайра жарашып алган өтө жаман экен. 

Кенеш бериниздерчи кимде болгон ушундай. Өзүмдү жеп салдым. Азабын өзүм тартып жатам кайненем кайнатам чалып атып каргап атат баламды соттоттун эми иштеттин деп батпай кеттим жашоого. Айтсам мени эч эле уккан киши жоок

Отправить комментарий

Отправить комментарий

Скачать?