кайната-эне

Баарынан тажап муунуп алгам анан...



Саламатсыздарбы ушул группанын окурмандары жана туура совет берип жазган эжелер, сиздерге чоон рахмаат алдын ала. Мен турмуш курганыма 5-жыл болду ушул жылдар арасында эч бир жакшы күн көргөн жокмун же Кайненем же күйөөм урушуп ур токмокко алып уруп таштайт. Күйөөм ар кыздар, келиндер менен жүрүп алды анысын да кечирип жашап кумар ойносо, билярт ойноп женилип ар жаман жолдо жүрсө да кечирип жүрдүм. Күйөөм болор болбос нерсени айынан чачымдан сүйрөп жаткызып алып уруп бутума тээп салды кайним болушуп. Кайненем кирип алып айтпаган сөздү айтып урушуп чыгып кетсе кайним жеңе кетип эле калчы мынтип акам калтагин жегиче десе күйөөм кантип келсен ошентип кет деди . Мен болсо каякка кетем кетпеймин эки кызым болсо деп ачуум келип баягылардын сөзүн көтөрүп чыдап келдим. Эми бул жашоого келгениме өкүнүп кеттим өзүмдүн жанымды өзүм кыйып . Шунурга (Тройнике) асынып алдым уже мен өлгүм деп буулуп асынып алдым . Көзүмдү ачсам капельница кисларотто жатыпмын. Өзүмдүн Апам ушул жузу жок ээрин камалып кетпесин деп кой адамгерчилик кылып бугун алып чыгып кетем деп больницадан алып чыгып келе берди үйдө лечения алдым. Анан мен бир жума постелде жаттым зорго туруп өзүмө келип арыз жаздым эч ким карабай жатат арызым докменттерим да жок эмне кылсам болот? Кантип кийим кечемди алдырып алсам болот? Ажырашуу үчүн эмне кылуу керек . 2 кызымды тартып алып албайбы. Бир айылда турабыз күйөөм мени аялым бычак сайган саныма деп кайненем бүт баарына жайып мени жамандап жүрөт имиш. Эми ушул семьядан кутулдуп десем сөздөрүнөн кутула албай да жатам . Ар кыл ушак сөздөр келе берип тажатты . Жалган сөздөр айтылып жатат. Анан да кантип өзүмдү актай алам жоок мындай болгон деп . Авысындарым коңшуларым да званок кылып атат жакшысынбы деп. Кайненен жалган эле сөздөрдү айтып жүрүптүр баарына. Мен күйөөмдүн урган жерлерим бүт экиспертиза кылып жаздырып алгам . Кантип тезирээк бүтүрсө болот? Арыз жассам өзүбүз чакыртабыз 14 күндө жыйынтык билинет дейт уже 14 күн болду. Кенеш бериниздерчи.
Отправить комментарий

Отправить комментарий

Скачать?