Саламатсыздарбы айымдар Жолдошум менен уйлонгонубузго 10жыл болду 3балабыз бар.
Ушул убакытка чейин бактылуу жашап келгенбиз ынтымактуу ар бир ишибизди кенешип кылып жакшы жашап келгенбиз. Асабняк уй салдык, сарай алып мал жандык курадык, машина алдык, трактор алдык. Жолдошум кундуз мал кайтарып журуп арак ичкен адамдарга кошулуп ичип келип жатты. Ошентип 3ай тынбай ичип калды, анан уйго келип чыр салабаштады.
Ал ичкен адамдарды сураштырсам ото жаман адамдар экен бири коп аял кетирген, экинчиси аялынын козуно чоп салган бузулган кыз келиндерге барат экен учунчусу аялын дайыма сабайт экен. Менин жолдошумду да бузуп жатышат. Арактан ичирип жаман нерселерди уйротуп жатышат. Бузукулар экен короалбастык кылып бузуп жатышат. Аялынды ичип барып сабап койсон сага эштеке дей албайт, калагандай жашайсын баскын келсе басып кетесин жургун келсе журуп кетесин деп уйротуп жатышканын оз кулагым менен уктум.
Сиздерден суранам Дуа кылып коюнуздарчы 😔😭🤲 Уй булоомдун бузулушун каалабайм.

Отправить комментарий