Салам айымдар. Мага кенешиниздер керек болуп жатат.
Мен азыркы убакта жылуу сөзгө, эркелегенге зармын десем да болот. Жолдошум бир келинди сүйүп калган экен, ал менен жазышканын окуп, экөөбүз урушканбыз, болду кечир жазбайм деген. Бирок жолдошум жарым жылдан бери эле жазып да чалып да жүрүптүр.
Мага айтпаган сөздөрдү ага арнап, мени аябаган, ал келинди аяп, мени алганына өкүнүп жүргөнүн жазыптыр. Бул смс терин окуп аябай ызылдаштык, ыйладым, ажырашам кетейин десем колумдагы кызымды бербей кетирбей койду. Шайтан азгырды, күнөө менден кетти деп кечирим сурап алып калды. Бул окуядан кийин, көңүл калды ишеничтен да чыкты, 4 ай өтсө да унуталбай келем. Каерден ката кетирдим деп өзүмдү жемелейм, төшөктө эң сонун эле болчумун. Тел кармаса эле жазышып атабы, сүрөтүн карап атабы деп шекший берем.
Азыр күйөөм экөөбүздүн ортобуз алыстап калды, күндүз кечке жумуш менен, кечинде болсо экөөбүз тең тетири карап жатабыз. Төшөкө келгенде болсо көңүл жок, мурда өзүм жармашып турчу элем, азыр баарыбир болуп калды. Өзүнө керек болгондо 10 күндө бир эптеп иштеп коет.Экөөбүз урушканда "мен эмне ал менен жатып алдымбы жөн эле жаздым го "дейт.
Жазган сөздөрү эле канча ыйлатты мени, кудай жазанарды берсе экен, менин ар бир тамган көз жашыма жооп берсеңер экен дедим, 40 кырында кутурушат эркектер дегенди укчу элем, көрсө чын турбайбы. Эми үй бүлөөбүз балдар бар экен деп жакшы мамиле кылып, сүйлөп, аракет кылдым. Болбой койду, Эстесем эле ыйлай берем, жолдошума көргөзбөй ызаланып ыйлайм кечке. Же тыныраак кийим алып бербейт. Эми кантип унутам айтыныздарчы? жашоого болгон көңүл жок, же сырдашаар эч кимим жок. Бук болуп эле соолуп баратам.


Отправить комментарий