алакачуу

Куйоом бар туруп, ушунчалык жалгыз болуп...


 

Саламатсыздарбы айымдар сайты. 

Мен ичимдеги бугумду айтып женилдегим келди. Турмуштамын, 10 жыл болуп калды 2балам бар. Ушул жылдар ичинде жакшы да жаман күндөр өттү. Күйөөм такси кылып иштейт Ош-Бишкек. Бир күнү үйдө болсо бир күнү Чүйдө. Өзүм болсо мугалиммин. 

Күйөөмдүн көңүл буруусун каалайм, жакшы сөз сүйлөп АЯЛ катары бактылуу болгум келет. Өзүмө карап жакшы эле жүрөм. Балдарды деле таза-тыкан карайм. Уй иши, кайнене иши кылып баарына жетишкени аракет кылам. Ал эми күйөөм болсо үйдө болгон күнү кечке телефон которот, уктайт уй ишине жардам деле бербейт. Телефонун деле карабайм. 

Өткөндө кокусунан көрүп калдым порно көрөт экен. Мурда да байкап жүрчүмүн, өзүнө да айткам түшүнбөйт! Күйөөсү бар туруп ушунчалык жалгызмын. Кээде ойлоп кетем өмүрүм ушинтип эле өтүп кетеби? Сыртыбыздан бактылуу көрүнгөнүбүз менен ичимде чоң боштук бар. Ал эми күйөөмө аалам тегиз. Порно болсо болду көрөт, уктайт. Балким ал ошондон кумар алабы билбейм. Мен өзүм үчүн жашагым келет,Жок дегенде жакшы сөзүн айтып турса. Ойлоооп отуруп башка адам таап алсамбы дейм. Билбейм.

Отправить комментарий

Отправить комментарий

Скачать?