Мен төрөлгөндө эч ким деле маңдайы жарыла сүйүнбөптүр.
Себеби, апам, атам кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп, никеге чейин эле жашыруун жакындашып алышат. Каалабаган жерден мен боюнда болом. “Сенсиз жашоо жок” деген убадалар унутулуп, жалындаган сүйүү жек көрүүгө айланат. Апам ичи чоңойгон сайын элден уялып, көчөгө чыга албай калат. Апам атамдын жок болуп кеткенин ар нерсеге жоруп, сөз жугузбай жүрүп, акыры үмүтү үзүлө баштайт. Ошентсе деле “келип калабы…” деген үмүт кургур тынчытпайт. Күбүр-шыбыр сөздөрдүн аягы тыйылбайт. Таенем, таякем эл алдында баш көтөрө албай калышат. Атам болсо суудан кургак чыгып, эч нерсе көрбөгөн, билбеген адам болуп жүрө берет. Көп өтпөй жаш, сулуу кызга үйлөнүп алат. Ал сөзгө ишенбеген таенем, таякем “уялбагандан өзүң уял” деп үйүнө барышат.
Бул күн жашоомдун бактылуу ирмемдеринин башталышы эле. Бала кезде жетимчиликтин азабын тарткан мен байкуш азыр бактылуу жар, бактылуу энемин.


Отправить комментарий