Саламатсыздарбы? Бул бир өмүрдө башыбызга эмне гана салбайт😓,
баарына чыдап айла жок көтөрүп жашап өтөт экенбиз!!! Мага кеңеш керек, оюнар керек, мен ойлонуп оюма жетпейм😓. Күйөөм менен 10 жыл жашадык, ал жылдар ичиндеда уруш жаңжал кетип келип, айткан убадарына турбай келсен ошол эле көрүнүш.
Акыркы жолу ичип келип уруп анан баламды алып кеткенмин. Кийин 2ай өтпөй кийимдериме келсем үйүндө бир келин менен жүрүптүр, бүткөнү ушул деп баарын жыйып ажырашып кеттим. Кийин уксам ошол келинге үйлөнүптүр, бир балалуу болуптур, андан бери 5жылдай өттү. Бирок магада келип жалынып сүйөм унута албайм, ал аялын кетти, келди деп ар сөздү айтып. Менда ал убакта боюма бүтүп кыз төрөп, элдин сөзүнө көңүл бурбай өзүм үчүн деп.
Бирок өкүнбөймүн, балдарым бир атадан, бала өзүмө керек деп төрөгөм. Эми айтайын дегем күйөөм же ал аялын биротоло кетирбейт, же мени тынч койбойт, кееде жоголуп дагы пайда болот, балдарына акча берип турат. Кетир аялыны жашасан биротоло мен менен жаша, жок ал менен жашайм десең мага келбе десем 1жыл күтүп тур дейт. Бул сөздү 3 жылдан бери угуп келем, ошого ойлонуп эмне кылсам келсе чакырса алданып өзүмдү ойноштой сезип жаман болом. Өзүм дагы сүйөмбү бирок кылган нерселерин эстесем көңүл ооруйт.
Ошентип келип кетип жоголот пайда болот. Эми кандай жол кылсам, бул адамдын бир гана мен менен болуш үчүн ушундай жолго барыш үчүн ушинтип келеби? Мен ошондо өзүмдү колдонгон адамдай өзүмдү жаман сезем, эмне деп жок кылсам болот? Ал аялын жакшы көрөбү ошол үчүн жашайбы мага караңгы. Апам кыйналат дейт үйдө уруш болот дейт, мага кандай чара көр деп кеңеш бересиздер? (урушпай, сын такпай, жөн гана оюңарды айтсанар, эртенки күн кимдин башында эмне бар эч ким билбейт🤦♂️)


Отправить комментарий