балдарым

Бугун жигитим тууралу баарын билип калдым, 2 баласы бар ...

 


Кандайсыз эже менин катымды чыгарып бересизби. 

Башынан коп нерсе өткөн чоң эжелерден кеңеш сурайм. Өзүм студенткамын жакында эле бир бала менен танышып сүйлөшүп жүрөм жакты. Өзү сулуу менин оюмдагыдай спортсмен балдардай в роде мага үйлөнөм деген ою бардай. Бирок бүгүн жигитим жөнүндө баарын билип калдым таныштарым аркылуу. Мурун үйлөнүп ажырашкан экен 2баласы да бар экен. Апасы да аябай көп ичет экен жада калса ичип көчөдө жатып калат экен. Жигитимдин үйү туруктуу иши да жок экен. 

Бирок мен ага ал жөнүндө баарын билгенимди ал билбейт көңүлүн орутуп албайын деп айтпадым. Ата-энем билсе эчкачан мени ал үй бүлөөгө ыраа көрбөйт го. Бул сөздөрдү укканда аябай жаман болуп атам үстүмө муздак суу куйгандай болуп жигитиме айтпай эле жок болуп кетсемби. Мага ашык болгондор деле аз эмес. Жигитимдин бой келбетине ашыгып тийсем өкүнбөймүнбү. Бирааз характерин көрсөтө баштады жазбай калсам не жазбайсын не албайсын деп эмне кылсам?

Отправить комментарий

Отправить комментарий

Скачать?